Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

Элдик курултайды Баш мыйзамга киргизүү сунушталды


БИШКЕК. Жекшембиде Бишкекте Элдик курултайды Конституцияга киргизүүгө байланыштуу конференция болуп өттү. Ага өлкө аймагынан 194 делегат катышты. Конференцияда резолюция кабыл алынап, анда Конституцияга элдик курултайды киргизүү, мурдакы түзүлгөн Конституциялык кеңешмени жокко чыгарууну колдоп, жаңы Конституциялык кеңешке президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев баш болгон саясий партиялардын, коомдук уюмдардын жана жер-жерлерден келген эл өкүлдөрүнөн турган 105 мүчөнүн тизмесин сунуштады. Ошондой эле Курманбек Бакиевди саясий партияларга же кандайдыр бир саясий кыймылдарга мүчөлүккө кирбөөгө чакырды. Бул тууралуу коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн уюуштуруу комитетинен 25-июлда “Азаттыкка” билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG