Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:32

Доналд Рамсфелд Кыргызстанга келди


БИШКЕК. Рамсфелд 26-июлда президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен жолугушуп, Борбор Азиядагы коопсуздук маселеси, баңги заттарын мыйзамсыз өткөрүүгө бөгөт койуу, террорчулукка каршы күрөшүү багытындагы иш чаралар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосунда мурдатан келаткан экономикалык кызматташтык боюнча да маселелер каралат. Ошондой эле Рамсфелд Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен жолугушуп, эки тараптуу аскерий кызматташуу маселесин талкуулайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG