Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:15

ЧЕГАРА АЗАБЫН ТАРТКАН ЭЛ, УНУТТА КАЛГАН АЙЫЛ...


Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондору Тажикстандын Согду облусунун бир нече аймактары менен чектеш жайгашкан. Кошуна эки элдин ортосундагы жер талаш көйгөйу мурдагы Советтер Бирлигинин тушунда эле болуп келгени менен эгемендик жылдардын башынан тарта бул маселе ого бетер күчөдү. Акыркы жылдарда болсо тажик атуулдары Кыргызстанга тиешелүү делген чек ара аймактарын өз алдынча ээлеп алууга аракетин күчөтүп жатканы байкалууда. 1996-жылы мурдагыпрезидент Аскар Акаевдин демилгеси менен Лейлектин бул өлкө менен чектеш аймагында тажик атуулдарынын улам берилеп жылуусун токтотуу максатында айыл курулуп, ага Максат деген ат берилген. Бирок ошол бойдон айылга көнүл бурулбай, унутта калды.

Күндүзү Тажикстанда иштесе, а кечкисин Кыргызстанда жашашат. Ушундай турмушту бүгүнкү күндө чегарадагы Максат айылынын тургундары башынан өткөрүүдө. Максаттыктардын күнүнө тажик айылдарында жалданып иштеп тапкан акчасы орто эсеп менен бир жарым долларды түзөт. Күйөөсүнүн гана тапкан акчасына жашап жаткан Рахима Сыдыкова бул каражат жок дегенде 4 баласын жакшы тамактандырууга да жетпегенин айтты:

- 1995-жылы Максатка келген болсок, үйүм жок. Адамга биринчиден документ керек экен, башыбызга түштү, паспортубуз Тажикстандыкы. Кыргызстанга келгенибизге 10 жыл, алды 15 жыл болуп калса да кыргыз паспортубуз жок, ушу тажик документибиз менен жүрөбүз

Бул кыргыз айылынын көпчүлүк бөлүгүнө башынан бери эле суугат суусу келген эмес. Ал эми какыраган Максат айылынын жогору жагына, өткөн 2004- жылдын күз айларынан баштап өкмөт тарабынан суу алынып келинген. Бүгүнкү күндө Максатта 64 түтүн болсо, анын 21и суугат суусу менен камсыз болууда. Максат айылына Көкташ айылынан көчүп барган Шамшидин Маматкулов, анын үйү айылдын жогорку бөлүгүндө экенине өтө кубануу менен жооп берди:

- Бир жыл Бишкек, бир жыл Көкташ эле, азыр эми ушу жерде калдык да. Эми суу чыккандан кийин Бишкек да ушул жер, Орусия да ушу жер. Эң зор проблема- каналды бүтүрүш керек, канал бүтсө анан калган майда проблемалар өзүнөн өзү жок болот.

Аймакта бейөкмөт уюмдар да иш алып барууда. Алардын бири - «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук уюму, Лейлектин чыр-чатактуу делген жерлеринде анын алдын алуу иштерин жүргүзөт. Аброр Мирсангилов аты аталган уюмдун кызматкери, ал азыр жергиликтүү атуулдар, түрдүү долбоорлорду түзүүдө жана аларды ишке ашырууда кыйла алгылыктуу иштерди жасап жатканын билдирди:

- Таза суу маселеси «Арка суу түтүктөрү» долбоору ишке ашканда гана чечилет. Анын бир бутагы Максат айылына чейин тартылат.

Суунун жоктугу, атуулдар аралык маселелер, район башчыларынын гана эмес, облус чиновниктеринин да баш оруусуна айланды. Облустук укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев, тажик атуулдарынын уруксатсыз жер ээлеп алуулары адатка айланып баратканына токтолуп, төмөнкүлөрдү кошумчалады:

- Июнь айында Согду облусунун жетекчилери менен жолугушканбыз, ошол жердеги тажик тургундары үйлөрүн тапшырып, кайра өзүлөрүнүн териториясына өтүшүн биз талап кылдык. Ал жерде Тажик Республикасынан келген өкүлдөр баары макул болушту. Максат айылы азыр биздин көзөмөлүбүздө турат.

Чегарага байланышкан дагы бир көйгөй - окуучулар мектепке баруу үчүн тажик айылдарын басып өтүүсү. Максат айылында жайгашкан башталгыч мектепте бүгүнкү күндө 2 мугалим иштеп, 33 окуучу окуйт. Болгону 3 бөлмөдөн турган мектептин бир бөлмөсүндө жашап жаткан мугалим эжей Махмуда Эшанкулова, балдар 4-классты аяктагандан кийин 5 чакырым алыстыктагы Интернационал айылындагы мектепке барып окушаары көптөгөн коркунуч туудураарын айытып өттү:

- Балдар жолдон коркот, өзү жалгыз калса тажик балдар урат, же болбосо жолдо техника көп. Ата-энеси бир кокустук болбосун деп алып барып кайра алып келишет да иштен калат. Ошондуктан тезирек бир чон мектеп салынса ушул проблемадан кутулат элек.
XS
SM
MD
LG