Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

Ооганстанда талибдердин жетекчисинин үн тасмасы ачыкка чыкты


Кулатылган Талибан кыймылынын маалымат катчысы Абдул Латиф Хакиминин билдиришинче, талибдердин жол башчысы Мохаммад Омор молдо өз колдоочуларын ынтымакка келип, Кошмо Штаттарына жана Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнө каршы күрөшүн улантууга чакырган. Омор молдонун үнү жазылган үн тасма дүйшөмбү күнү түштүктөгү Кандагар шаарында «Ройтерс» агенттигинин кабарчысына тапшырылган. Тасмадагы үндүн чынында да Омор молдого тийешелүү экени белгисиз. 2001-жылдын этегинде АКШ баштаган күчтөр тарабынан кулатылган талибдердин ана башы буга чейин мындай билдирүү жасаган эмес. Айрым ооган өкүлдөрүнүн болжолунда, Омор молдо коңшулаш Пакистанда жашырынып жүрөт.

XS
SM
MD
LG