Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Мунапыс уюму ирактык козголоңчуларды адамзатка каршы кылмыштары үчүн күнөөлөдү


Лондондо жайгашкан укук коргоочу уюмдун жаңы жарыяланган отчетунда АКШ баштаган көп улуттуу күчтөргө жана Ирактын өкмөтүнө кастарын тиккен топтор карапайым адамдардын өмүрүн бир тыйынга теңебей тургандыгы айтылат.

Бүгүн ошондой эле Ирактын жаңы Конституциясын жазып жаткан комитеттин сунни араб мүчөлөрү бойкотун токтотушту. Комитеттин катчысы Хумам Хамуди билдиргендей, 12 суни бүгүн жабык жыйынга катышышты. Алар өткөн шейшембиде Конституцияны жазышып жаткан эки сунни кесиптешинин өлтүрүлүшүнөн улам, нааразылык билдирип, ишин токтотушкан эле.

Анын аралыгында Багдадда эртең менен бомба шыкалган эки машина жарылып, кеминде жети киши набыт болду. 14 киши жарадар. Кечээ ушундай эле чабуулда аз эле дегенде 22 киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG