Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Грузия өз аймагындагы жардыруу үчүн орусиялык аскер кызматчысын айыптады


Быйыл 1-февралда Гори шаарынын милиция бөлүмүнүн жанында машина жардырылганда үч адам каза таап, жыйырма алтысы жаракат алган. Грузин ички иштер министри Вано Мерабашвилинин кечээги билдирүүсүнө караганда, бул диверсия Орусиянын чалгын кызматынын полковниги тарабынан уюштурулган. Грузин ички иштер министри ошондой эле жардырууга катышы бар деп эсептелген үч адам камакка алынганын кошумчалады. Бирок грузин президенти Михаил Саакашвилинин айтымында, бул окуя Грузиянын Орусия менен мамилесине терс кесепетин тийгизбеши керек. Саакашвили кечээ коопсуздук кызмат өкүлдөрү менен өткөрүлгөн чукул жыйында мындай деди:

- Мен белгилеп койгум келет, бул ишке чет элдик жарандар катышканынын анык белгиси, бизде жетиштүү далилдердин бардыгына карабай, муну биз конфронтация үчүн колдонбоорбузду баары билип коюшу керек. Биз Орусия менен террорго каршы күрөштөгү кызматташтыгыбыз тирешүүгө айлануусун каалабайбыз. Биз Орусия, анын тиешелүү кызматтары, өкмөтү менен террорго каршы күрөштө толук кызматташтыкты көздөйбүз.

Орусия болсо өз кезегинде Грузиянын жикчил чөлкөмү катары эсептелген Түштүк Осетиянын жанында жайгашкан Гори шаарындагы жардырууга кандайдыр тиешеси бардыгын четке какты.

XS
SM
MD
LG