Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Бишкекте бүгүн АКШнын коргоо министри менен кыргыз жетекчилигинин сүйлөшүүлөрү башталды


Бишкекке кечээ келген Доналд Рамсфелд "Ассошейтед пресс" агенттигинин кабарына караганда, АКШнын кокус Кыргызстандагы аскерий базаны пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыроосу, Ооганстандагы операцияларга тоскоолдук кылбайт деген пикирин билдирди. Ушул айдын башында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан, АКШга Ооганстандагы антитеррордук операциянын активдүү баскычы аяктаганына байланыштуу Борбор Азиядагы аскерий базаларын чыгаруунун мөөнөтүн тактоо чакырыгы менен кайрылган эле. Бишкектеги бүгүнкү сүйлөшүүлөрдө мына ушул маселе да талкууланууда. АКШнын коргоо министри Кыргызстандан соң Тажикстанга жөнөп кетет.

XS
SM
MD
LG