Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

БРИТАН МУСУЛМАНДАРЫ ТЫНЧCЫЗДАНУУДА


Лондондо өткөн бейшембиде ишке ашпай калган экинчи жардыруулардан кийин британиялык мусулмандар калктын көпчүлүгү аларды күнөөлөп жатканына тынчызданышууда. Алардын айтымында, бейкүнөө адамдарды өлтүрүү исламга туура келбейт. Ошол эле учурда британ мусулмандары буга каршы эмне жасай аларын, экстремисттер делгендер кимдер экенин анык билишпейт.

Мусулман лидерлеринин британ премьери Тони Блэр менен мурда болуп көрбөгөн жакындагы жолугушуусу деле британиялык карапайым мусулмандарды көп деле жубаткан жок. Алардын көпчүлүгү британиялык 500дөй имамдын бул жолугушуунун алдында террорчулукту айыптаган фатвасынан деле кабардар болушкан эмес. Алтурсун британиялык мусулман лидерлери өздөрү да террорчулук проблемасын жалгыз - жарымдап чече албасын айтышууда.

Британиянын мусулмандар кеңешинде жамаат жана мечиттер боюнча комитеттин төрагасы Имам Ибрагим Можра мындай дейт:

- Биз жамаатыбызга келип сүйлөөчү адамдарды көзөмөлдөп жатканыбызга ынанышыбыз керек. Эгер бул жакка сырттан келген коноктор болсо, алар жек көрүүчүлүккө үгүттөй албасын билерине ынанышыбыз абзел. Биз адамдар жек көрүүчүлүктү жайылтуу же үгүтөө үчүн мечиттин сыртындагы чөйрөнү кыянат пайдаланбоосун кепилдөөгө муктажбыз. Ошондой эле эгер кимдир бирөөлөр тынчтыкта жана ырашкерчиликте жарнакташып жашоого жардам бербеген нерселерди жасаган болсо, бийлике кабарлашыбыз керек.

Лондондук карапайым мусулмандардын айрымдары жетекчилерден ар убак аткарууну талап кылган иштер да бар деп эсептешет. Британ башкааласынын жыйырма алты жаштагы Жемина атуу жашоочусу мындай дейт:

- Биз баарыбыз биригишибиз керек, себиби биз Британияда жашап жатабыз. Биз да британиялыкпыз. Менимче улуулар жаштар менен чогулуп эмнелерди туура эмес деп эсептээри жөнүндө айтуусу абзел. Себеби жаштар аларды гана угат.

Ал эми Хассан атуу бул жигит мусулмандарга караштуу коомдук тамактануу жайларынын биринде иштейт. Ал жакындагы жардырууну жасагандарды кескин айыптады:

- Биз болгон нерселерди айыптайбыз. Мен 7-июлдагы жана өткөн бейшембидеги окуяларды айтып жатам. Эгер мен полицияны башкарсам, балким, британ полициясындай болбой аларды ошол эле күнү жок кылып салмакмын. Ооба алар мусулман болушу мүмкүн, бирок алар мусулман эмес. Биз аларга ишенбейбиз. Биз бул жерде жашап жаткандыктан, бийликке жардам берүү – милдетибиз.

Лондондо эт саткан дүкөндөрдүн биринде иштеген, 45 жаштагы Ибрагим болсо жакында имамдар кабыл алган фатва экстремисттерге каршы күрөштүн бир жолу экенин айтат:

- Биздин 500дөй имам мындай иштерди жасагандар мусулман эмес деген фатва чыгарды. Эгер мусулмандардын кидир бирөөсү туура эмес ишке барган болсо, биздин чөйрөдөн, биздин диндин чөйрөсүнөн кетет.

Статистикалык маалыматтар боюнча, британиялдык мусулмандардын жарымы пакистандыктар, дагы бештен бири Бангладештен келгендер. 52 адамдын өмүрүн алган алгачкы төрт жардыруу Лондондо 7-июлда жасалган. Тергөө аны ишке ашырган жанкечтилердин үчөөсү Британиянын теги боюнча пакистандык жарандары, жаш жигиттер экенин көргөздү. Ал эми өткөн бейшембиде да коомдук танспортто дал ушундай эле төрт жардыруу жасоо аракети болду. Ага катышы бар деген шек менен британ бийликтери шейшемби күнгө карата беш адамды кармаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG