Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:09

Жергиликтүү саясатчылар АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелддин Кыргызстанга сапарын “Ганси” аскерий авиабазасы менен тыгыз байланыштырышууда. Айрым талдоочулар муну аймактагы Орусия - АКШ атаандаштыгынын күчөгөндүгүнүн белгиси катары санап, жаңы бийлик мындайда тең салмактуу саясат жүргүзүүгө умтулушу керек деп жатышат.

Бишкектеги расмий жолугушуулардан кийин АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд менен Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаковдун билдиргендерине караганда, Ооганстанда тынчтык биротоло орномоюнча “Ганси” авиабазасын өлкөдөн чыгаруу маселеси көтөрүлбөйт, ал эми Ооганстанда бейпилдик орной элек.

Буга чейин “Ганси” базасынын мөөнөтүнө байланышкан маселе Шанхай Кызматташтык уюмунун Астана саммитинде козголгон. Анын соңунан Кыргызстандын жаңы бийлиги база маселесин бир жаңсыл чечүүгө шарт түзүлгөнүн бир нече ирет белгилеген.

Президенттик шайлоодон кийин Курманбек Бакиев бул тууралуу мындай деген эле:

- Ооганстанда, президенттик, парламенттик шайлоо өттү. Кырдаал турукташты. Башкача айтканда, азыр Америкалык базанын жайгашыш зарылдыгына байланышкан маселени кайра кароого киришүүгө болот. Ал качан ишке ашат, мезгил көрсөтөт.

Жаңы бийликтин мындай мамилесин АКШнын айрым мамлекеттик кызматкерлери Орусия менен Кытайдын Кыргызстанга кысымы катары кабылдашты.

«Акыйкат жана прогресс» саясий партиясынын лидери, экс-министр Муратбек Иманалиев кысым ачык болбосо да, кыйыр түрүндө болуп жатат деген ойдо. Муну саясатчы АКШ менен Орусиянын Борбор Азиядагы атаандаштыгынын белгиси катары сыпаттады:

- Баарыбыз эле түшүнүп атабыз, Россия жактан дагы, Америка жактан дагы ачык, катуу басым болбосо дагы, сүйлөшүүлөр, визиттер аркылуу өздөрүнүн позицияларын айтып атышат.

Муратбек Иманалиевдин пикиринде, Акаевдин учурунда мындай басым байкалган эмес. Ошондуктан, жаңы бийлик Кытай, Россия, АКШ өңдүү мамлекеттердин кызыкчылыктарынан өзүнүн улуттук кызыкчылыгын алдыга койгон, геосаясий кырдаалды тең салмактаган калыс чечимге келиши керек дейт. Болбосо азыркы шартта Кыргызстанга кыйын болуп калат.

Экс-депутат, Кыргызстан коммунисттер партиясынын мүчөсү Орозбек Дүйшеев Курманбек Бакиевдин президенттик шайлоодон кийинки билдирүүсүн жактайт. Анын оюнда, Ооганстандагы шайлоодон кийинки жагдайды бир-эки жыл акмалап туруп, анан түпкүлүгүндө АКШ базасын чыгаруу керек:

- Бул базанын келечекте кереги жок бизге. Биз кандай болгон күндө да ШКУ менен, Россия менен жакынбыз. Кытай менен, коңшулаш өлкөлөр менен жакынбыз. Ошондуктан, булардын арасында карама-каршылык болбош керек. Анан америкалыктарды акырын «силер кеткиле» десе, алар таарынууга акысы жок.

Орозбек Дүйшеевден айырмаланып, «Акыйкат» саясий партиясынын лидери Кеңешбек Дүйшөбаев, тескерисинче, “Ганси” авиабазасы керек дейт. Анын пикиринде, АКШнын аскерий базасынын Кыргызстанда турушун жеке эле Ооганстан менен байланыштырууга болбойт. 2001-жылкы АКШдагы терракттын илеби менен түзүлгөн бул база азыркы террордук коркунуч шартында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын коопсуздугу үчүн керек:

- Кантта Россиянын аскер базасын ачтык, эми “Гансини” чийип таштап, анан Канттагы эле база керек деген, менимче, туура эмес. Менин оюмча, бардык мамлекеттер менен тең салмакта бирдей саясат жүргүзүш керек.

Экс-министр Муратбек Иманалиев аскер базаларынын Кыргызстан аймагында болушун дегеле жактабайт:

- Менин оюмча, аскер базасы эмес, башка багытта биригип иштеш керек болуп атат. Аскер базасы, экинчиден, куралдын уюткусу болуп калат да. Куралдын уюткусу деген кандайдыр бир шартта ок атылат деген маани да. Ошон үчүн мен аскер базаларга каршымын.

АКШ баштаган антитеррордук коалициянын “Ганси” аба-аскерий базасын бир жылдык мөөнөт менен жайгаштыруу тууралуу эки өкмөттүн макулдашуусун Жогорку Кеңеш 2001-жылдын 8-декабрында ратификациялаган. Андан бери буга чейин тараптардан базанын ишмердүүлүгүн токтотуу же биротоло узартуу тууралуу демилге чыга элек болчу. Мындай шартта ишмердүүлүгүн уланта берээри макулдашууда көрсөтүлгөн.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG