Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:58

Темир жолчулардын ачкачылыгы уланууда


БИШКЕК. Үч айдан бери пикетте турган темир жолчулар аларды “жалданма пикетчи” деп атагандыгы үчүн темир жол башкармалыгынын жетекчилигин жана “Московский комсомолец” гезитин сотко беришти. Бул тууралуу наарызылык чаранын катышуучусу Эрнис Докенов билдирди. Анын айтымында, темир жолго адис адамдын жетекчи болушун талап кылган адамдарга темир жолдун жаңы жетекчилиги саясий куугунтук жасап, 7 адамды жумуштан бошотту. Эрнис Докенов бул эмгек кодексине туура келбестигин жана сотко кайрылышаарын билдирди. Пикеттин катышуучулары буга чейин темир жолго кесипкөй адамдын келишин талап кылып келишсе, эми 7 адамга жумуш ордун кайтарып берүү талабы да кошулду. Темир жолчулардын нааразылык чарасы үч айдан бери уланып, 10дон ашык адамдын ачкачылык жарыялоосу менен коштолгон. Эрнис Докенов билдиргенге караганда, бүгүнкү күндө 2 адам ачкачылыкта. Ал эми темир жол башкармалыгынын жетекчиси Кыдыкбек Исаев пикетчилердин айткандары менен макул эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG