Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Борис Воробьев Кыргызстанга кайтып келди


БИШКЕК. Алгач Германияда, андан кийин Украинада бир нече жылдан бери жашынып жүргөн ишкер, парламенттин мурдагы депутаты Борис Воробьев Кыргызстанга кайтып келди. Бул маалыматты Башкы прокурор Азимбек Бекназаров тастыктап, ал прокуратурага суракка келип кеткенин айтты. Башкы прокурордун айтымында, Борис Воробьев буга чейин козголгон кылмыш иштери боюнча сурак берди жана ага козголгон иштердин алкагында материалдар топтолуп жатат. Жогорку Кеңештин депутаты кезинде Борис Воробьевго 1999- жылы алдамчылык, контрабанда, көз бойомочулук жана салык төлөөдөн качуу өңдүү беренелер боюнча кылмыш иши, андан кийин 2000-жылы кредиттик милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн дагы бир кылмыш иши козголгон. Борис Воробьев бир жылга чукул тергөө абагында жатып чыккандан кийин анын өмүрүнө кол салуу да болгон. Кыргызстанга кайтып келген Борис Воробьев 28-июлда журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрөөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG