Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:53

АКШнын базасы Кыргызстанда калат


БИШКЕК. Американын Кыргызстандагы аскердик базасы Ооганстанда кырдаал турукташканга чейин кала берет. Доналд Рамсфелд мырза туура белгилегендей, азыркы кезде Ооганстанда абал турукташа элек, деп билдирди Кыргызстандын коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков 26-июлдагы маалымат жыйынында. Ал эми Доналд Рамсфелд Борбор Азия регионундагы АКШ базалары жабылуу коркунучунда турабы деген суроого, «Жок андай эмес. Биздин региондогу мамлекеттер менен макулдашууларыбыз бар жана ал өз ара пайдалуу экенин далилдеп көрсөттү», деп жооп берди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG