Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:26

ЧЕТ ЭЛДИКТЕР ЭМНЕ ҮЧҮН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛҮҮДӨН ЧОЧУЛАШАТ?


Белгиянын тышкы иштер министрлиги жалпы белгиялык жарандарга айрым чет өлкөлөргө баруу абдан кооптуу экендигин эскертип, ошол Ооганстан, Ирак, Сомали, Пакистан, Колумбия, Непал, Конго, Өзбекстан сыяктуу кооптуу өлкөлөрдүн катарында Кыргызстанды да атаган. Буга эмне себеп?

Кыргызстандын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрага орунбасары Нурлан Токтоматов айрым өлкөлөр Кыргызстанга баруудан эми чочулап атса, бир катар өлкөлөр андай чочулаган пикирлерин өзгөртүүгө үлгүргөндүгүн айтты:

- Бир эле Белгия эмес, туристтерин Кыргызстанга барбагыла деген жарыяны мурдараак Англия да, Германия да, Америка да айткан. Бирок алар бүгүн өздөрүнүн пикирин өзгөрттү. Анткени биз бардык элчиликтер аркылуу эч кандай коркпой келе бериңиздер, биз сиздердин коопсуздугуңуздарга гарантия беребиз деген маанидеги билдирүүлөрдү аябай таратканбыз.

Нурлан Токтоматов азыркы туристтик сезондо чет өлкөлүктөр Кыргызстанга кандай келип жаткандыгын да жашырганы жок:

- Бизге, Ысыккөлгө потенциялдуу түрдө келип дем ала тургандар – казакстандыктар болчу. Ошо Казакстандан келген туристтердин саны да, башка чет мамлекеттерден келе турган туристтердин саны да былтыркыгы салыштырмалуу аз.

Ошол эле кезде түштүктөгү Алай тоо кыркаларына келчү чет өлкөлүк альпинисттердин саны эмнегедир былтыркыдан кемигени жок деп сөзүн улантты Туризм, спорт жана жаштар саясаты мамлекеттик комитетинин төрага орунбасары Нурлан Токтоматов:

- 14-августка чейин чет мамлекеттерден келген альпинисттер да, биздин кыргыздын альпинисттери да, баарысы 300дөн ашык адам, тоо чокуларына чыгуу сапарларын аякташат. Германиядан, Латвиядан,Өзбекстандан, Казакстандан, Орусиядан келгендер бар.

Биз Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурдин Жангараевге “ Элдик ыңкылаптан бери чет өлкөлүктөрдөн Кыргызстанда жабыр тарткандар, ыдык көргөндөр болдубу?”- деген суроо менен кайрылдык:

- Бир гана факт бар. Кемин районунда Англиянын жаранын карактап кетишкен. Бирок биздин кызматкерлер ушу кылмышты алты күндүн ичинде эле ачышты. Коркуткан эки адам тең автомат куралы, маска-неси менен кармалган.

Жогорку Кеңеш депутаты Осмонбек Артыкбаев Белгиянын Кыргызстандан чочулап жатышын геосаясий факторлор менен да байланыштырат:

- Белгиянын Кыргызстанга барбагыла деген үгүтү геосаясатка да байланышкан деп эсептейм. Кыргызстан менен катар эле Өзбекстандан да, Ооганстандан да чочулоо бар анда.

Депутат Осмонбек Артыкбаев чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанга байма-бай каттоосу өтө зарыл, анүчүн шарт-жагдайды тез арада жөнгө салуу керек деген ойдо:

- Негизинен биздин өлкөгө азыр темирдей тартип керек. Бирок адам укуктарын бузбаш керек башкысы. Маселелердин бардыгы тең көтөрүлүш аркылуу эмес, пикеттер аркылуу эмес, укуктук негизде гана чечиле турган шарт түзүү керек.

Ошол эле кезде криминалдык ири окуялардын жүз бериши, кылмышка шектелип, издөө салынган адамдардын Кыргызстанга биринен сала биринин кайтып келип жатышы да сырттагыларды чочулата тургандыгын талдоочулар баса белгилешүүдө.
XS
SM
MD
LG