Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:18

Оогандар америкалык базанын алдында демонстрация өткөрүштү


Нааразылык акциясына жергиликтүү сегиз тургундун камалышы түрткү болду. Кабулдан түндүктөгү Баграм аба турагында чогулган жүздөгөн демонстрант Америкага каршы ураан чакырып, америкалык аскерлерди таш бараңга алышты. “Ассошиэйтед Пресстин” билдиришинче, тараптар асманга ок атышты, демонстрацияны ооган аскерлери күч менен таркатты. Жапа чеккендер тууралуу кабарланган жок.

Сегиз киши базага кол салууга даярданып жатат деген шектенүү менен өткөн түнү аскер базанын жанындагы айылды тинтүүнүн мезгилинде кармалган эле. Учурда аскер өкүлдөрү жергиликтүү эл башчылары менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткандыгын АКШнын армиясы билдирди.

Бүгүн ошондой эле Ооганстандын түштүгүндө коалициялык жана ооган аскер күчтөрү менен кагылышууда 40 чакты козголоңчу окко учту.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG