Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:59

Британияда өкмөт оппозиция менен анти-террор мыйзамдарын талкуулады


Премьер-министр Тони Блэр менен жолугушкандан кийин, оппозициядагы Консервативдик партиянын жетекчиси Майкл Ховард кыйын кезеңде ынтымакта иштешүү нийети күчтүү деп билдирди:

– Террористтердин башкы максаттарынын бири - бизди бир бирибизге суук-селки кылыш. Ошондуктан биз бул чырмалышкан маселелерди консенсустун негизинде чечип, мүмкүн болгон макулдашууга келгенибиз туура.

Бүгүн британ полициясы бейшембидеги ишке ашпай калган бомба чабуулуна байланыштуу, Лондондун түндүгүндөгү батирде тинтүү жүргүздү. Полиция буга чейин төрт кишини камакка алган, дагы төрт киши изделип жатат. Мындан 3 жума мурда Лондондун метросунда жана автобустагы чабуулдарда 50дөн ашык кишинин өмүрү кыйылган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG