Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:08

Пекинде Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөр улантылат


Кабарларга караганда, сүйлөшүүлөр кечээ жакшы маанайда башталды.Түндүк Кореянын өкүлү Пхеньян Корея жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу үчүн иштөөгө даяр экенин айтса, АКШнын өкүлү алар Түндүк Кореяны суверендүү өлкө катары эсептерин жана кол салуу ниети жок экенин белгиледи. Орусия сүйлөшүүлөрдүн бул айлампасы ийгилик менен аяктарына ишеним билдирүүдө. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигин өкүлү Александр Яковенко мындай дейт:

- Москва Корей жарым аралынын өзөктүк проблемасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы башталышын кубаттайт. Биз узактан бери эле бул маселены тынч жол, сүйлөшүү аркылуу гана чечүүгө болот деп келгенбиз. Биз бул айлампа жыйынтык жаратып, балким кандайдыр бир документке жетишебиз деген үмүттөбүз.

Түндүк Корея, Түштүк Корея, АКШ, Жапония, Кытай, Орусия катышкан алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы 13 айлык тыныгуудан кийин башталып олтурат. Себеби Пхеньян ага катышуудан баш тарткан. Бул ирээт сүйлөшүүлөр качан бүтөөрү боюнча кандайдыр бир мөөнөт белгиленген эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG