Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:03

ӨКМӨТТҮН ЖАҢЫ СТРУКТУРАСЫ ТҮЗҮЛҮҮДӨ


Кыргызстандын өкмөтүнүн жаңы структурасы 4-августка чейин түзүлүп бүтүүгө тийиш. Учурда анын бир нече варианты түзүлгөндүгү айкын болууда. Жаңы структура кандай болууга тийиш?

Азыр иштеп турган өкмөттүн структарасы 2003-жылы өзгөртүлө баштаган. Анын натыйжасында, 2004-жылдын февраль айында тышкы соода жана өнөр жай министрилиги Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министри болуп түзүлгөн. Азыркы кезде өкмөттүн структурасында 14 министрлик, 2 мамлекеттик комитет, 10 административдик тармактык мекеме, 6 мамлекеттик комиссия жана 34 борбордук орган бар.

Булардын ичинде бирин-бири кайталаган структуралар арбын экени буга чейин сындалып келинген. Өзгөчө кине президенттик администрация менен өкмөт аппаратынын ишиндеги кайталоочулукка көп коюулуп келатат.

10-июлдагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү Курманбек Бакиев 4-августка чейин өкмөттүн жаңы структурасын түзүүнү тапшырган. Маалыматка караганда, бул ишти мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов координациялап жатат. Сарыгуловдун билдирүүсүнө караганда, азыркы кезде структуранын үстүнөн иш жүрүп жатат. Ал аягына чыга элек. Ошондуктан бирдемке деп айтуу кыйын. Бирок өкмөттүн структурасын түзүүдө эмне эске алынып жаткандыгы тууралуу Дастан Сарыгулов буларды билдирди:

- Өкмөттүн структурасы жөнүндө Курманбек Салиевич, шайлоого талапкер болуп жүргөндө шайлоочулар менен жолугушууда көп жолу айткан. Анын негизги өзөгү эмне болгон? Бакиевдин айтымында, өкмөттүн структурасы чакан болуп, ишкердүүлүккө жол ачкан, бири-бирин кайталабагандай болуш керек. Биз мына ошондой структура түзүүгө аракет кылып жатабыз.

Ал эми Феликс Куловдун шакирттеринин бири, «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев өкмөттүн жаңы структурасы тууралуу мындай оюн ортого салды:

- Өкмөттүн структурасы оптималдуу болуш керек. Министрликтердин санын кыскартып, кээ бир министрликтерди бириктириш керек. Эгерде зарыл болсо жаңы министрлик, агенттик ачыш керек.

Эмил Алиевдин пикиринде, өкмөт экономиканы башкарууга аркет кылбай, мыйзам чегинде иш жүргүзүүгө шарт түзүп берүүгө тийиш.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Орозбек Дүйшеевдин пикиринде, жаңы өкмөт структурасында энергетика жана тоо кен тармагы боюнча министрлик болсо жаман болбойт:

- Тоо өнөр жайын бириктирип, министрлик, же өкмөткө түз баш ийген уюм болсун деп бешинчи жолу сунуш киргизип жатабыз. Ал эми энергетика тармагы өзгөчө тармак. Анын үстүнө биздики жөнөкөй эмес, суу ресурстарын кошо көзөмөлгө алган тармак. Анын баарын бөлүштүрүп салдык эле акчанын кайда кеткенин таппай калдык. Ошондуктан аны адистештирмейинче болбойт. Муну бир министрлик, же мурункудай «Энергохолдинг» кылып кайра түзөбүзбү, айтор бир киши, болгондо да адис башкарыш керек.

Айрым маалыматтарга караганда, президенттик администрацияда өзгөрүүлөр жүрүүдө. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун буга чейинки билдирүүсүнө караганда, президенттик администрациядагы күндөлүк экономикалык абалга тиешеси бар бөлүмдөр кыскартылып, алардын функциалары өкмөттүн аппаратына өткөрүлүп берилүүдө.

Ал эми өкмөттүн жаңы структурасы кандай болот, эми ал 4-августка чейин такталып, түзүлүүгө тийиш.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG