Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:20

Жер талаш уланууда


БИШКЕК. Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнө таандык 50 гектар жер аянты шаардыктар менен айылдыктар ортосунда талашка түшүп жатат. Акыркы үч күндө айрыкча көп жыйылып жаткан жер алуучулар ар бир тараптын артында миң чамалаштан жерге муктаж адамдар бар экенин жана жер алууга уруксат алышканын белгилешүүдө:

- Үч айдан бери жер үчүн чуркап, күрөшүп, колубузга тиешелүү документтерибизди алганбыз. Мына ар бирибиздин колубузда токтом, айыл өкмөтү тарабынан берилген документтер турат. Ошого карабастан акимиат туура чечип бербей атат. Бизге таандык жерлерди шаардыктар менен талаш-тартыш кылып атат, - дейт Лебединовка айыл өкмөтүнөн келгендердин өкүлү.

Ушул эле күнү шаар мэри Аскар Салымбеков бул талаштуу аймакты чечүү максатында жергиликтүү райондук бийликтер аракеттерди көрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, шаар боюнча жер алууну каалаган 18 миң адамдын 9,5 миңине жер алууга уруксат берилди.

XS
SM
MD
LG