Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

Өзбекстандык 451 адамды үчүнчү өлкөгө чыгаруу аракеттери башталды


БИШКЕК. Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар комиссарлыгы Анжиян окуясында баш калка сурап Кыргызстанга келген өзбекстандык 451 адамды үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүү иштерин баштады. Бозгундар Кыргызстандан жума күнү толугу менен чыгарылып кетет. Уюмдун Кыргызстандагы миссиясынын башчысы Карлос Закагнини 27-июлда кечинде «Манас» аба майданында журналисттерге ушундай билдирүү жасады. Закагнини өзбекстандыктар кайсы өлкөлөргө бараары тууралуу азырынча айтылбай тургандыгын билдирип, муну ал өлкөлөрдүн кызыкчылыктары менен байланыштырды. Миссия башчысынын айтымында, учурда Ош шаарындагы тергөө изоляторунда отурган 29 өзбекстандыкты да үчүнчү өлкөгө жөнөтүү аракеттери жасалып жатат. Ушул эле күнү укук коргоочулар кыргыз бийлиги 29 адамды Өзбекстанга өткөрүп берүү камын көрүүдө деп билдиришти.

Ал эми башкы прокурор Азимбек Бекназаров бул маселе боюнча кандайдыр бир түшүндүрмө берүү эртелик кылат деп эсептеди. Айрым маалымат каражаттары өзбекстандык бозгундар Канада, Румыния, Чехия өңдүү өлкөлөргө жайгаштырылаарын болжоп жатышат. Журналисттердин маалыматтарына караганда, Жалалабаддагы качкындар лагеринен Бишкектеги «Манас» аба майданына 27-июлда ташылып келген бозгундардын саны 150 чамалаш.

XS
SM
MD
LG