Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

БАРСКООНДУКТАР КУМТӨРГӨ КЕТЧҮ АВТОЖОЛДУ БӨГӨШТҮ


27-июль күнү саат ондон баштап Барскоон өрөөнүндөгү беш кыштактын 300гө жакын тургуну Барскоон-Кумтөр жолун бууп, “Камеко” компаниясынын автоунааларын өткөзбөй турушту.

Барскоон-Кумтөр автожолунун тосулушун биз байланышка чыккан Тосор кыштагынын тургуну Асанкадыр Чыңгышбаев мындайча тастыктады:

- Үч жүздөй адам турат бул жерде. Алар Барскоон өрөөнүнүн беш кыштагынан чогулушкан.

“Карек” коомдук уюмунун башчысы Эркингүл Иманкожоева барскоондуктар бул акцияга эмне үчүн барышкандыгына түшүндүрмө берди:

- 25-июлга чейин бизден эч ким кабар алганы жок – тынчтык митингин өткөргөн кезибизде. Телефондон да сурап коюшпады. Анан мурда эскертилгендей, бүгүн Барскоон-Кумтөр жолун тосууга аргасыз болдук. Бул аймакты экологиялык катастрофага учураткан «Камеко» компаниясынын автомашиналары бизге жакындабай, те алыста токтоп турат. Бул жакка район акими, прокуратуранын, коопсуздук кызматынын, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери да келишти.

Эркингүл Иманкожоевадан учурда мыйзамсыз митинг, жол тосууларга мамлекет тарабынан катуу чаралар көрүлүп калбас бекен деп сурадык:

- Укканбыз андай сөздөрдү да. Биз, эмне, Акүйдү басып алганы жатыппызбы? Өзүбүздүн гана мыйзамдуу укуктарыбызды талап кылуудабыз. Туристтер, жергиликтүү эл каттап эле жатат. «Камекону» гана тосуп жатабыз. Мурдатан жарыя кылып келген тогуз талабыбыз аткарылмайынча жол тоcконубуз тоскон.

Эркингүл Иманкожоева мындан сырткары барскоондуктардын талаптары боюнча буларды белгилеп өттү:

- 1998-жылы Силаев Нью-Йоркко барып, кол койгон тынчтык келишимди бузуу, экологиялык катастрофадан 1998-1999-жылдары тарткан барскоондуктардын моралдык, материалдык чыгымдары үчүн дүйнөлүк стандарт менен компенсация төлөп берүү, мурдагы Президент убада кылгандай, аталган эки жылдагы түшүмдүн чыгымын да элге кайтаруу. Талаптарыбыз тогуз бөлүктөн турат.

Биз менен байланышта болгон 73 жаштагы Сокен Орозакунова өз ден соолугуна кабатырланды:

- Ооруп атам. Оорум күчөп – майыптыкка жеттим. Элдин баары эле оору. Текшерип келгендер болсо силер тазасыңар деп жанды чыгарышат. Менин кан басымым 250гө жетти.

Барскоондук Каныбек Келгенбаевдин сөзү:

- Биз баары бир элдик ыңкылаптан жакшылык күтүп жатабыз. Ыңкылап элди колдош үчүн болгон да. «Камеко» алтын кенинин ысыраптаган акчаларын кайтартып, бизге – элге бир завод куруп беришпейби…

Акцияга күбө болгон “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова барскоондуктардын талабы эч качан жерде калбаш керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG