Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Түркия премьер-министри Лондонго келип, британ премьери менен жолукту


Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Лондонго келип, бүгүн Британиянын премьер-министри Тони Блэр менен жолукту. Негизинен Түркиянын Европа Биримдигине мүчө болуп кошулуу маселелери талкууланды, анткени 1-июлдан тартып Британия Биримдикте төрагалык кылууда. Биримдикке 2004-жылы кошулган он мамлекет менен Түркия жакын арада бажы келишимдерин түзүүгө тийиш, алардын арасында Кипр да бар. Блэрдин айтымында, андай келишим түзүү - Түркия Кипрди расми тааныды дегенге жатпайт:

- Мен премьер-министрге дагы бир жолу ачык айттым - Анкара протоколуна кол коюу менен Түркия Кипрди тааныды деп кабыл алынбайт. Бул тууралуу декабрда да айтылган жана июнда Европа Кееңеши жасаган декларацияда да белгиленген.

Кечээ күнү Блэр Лондон шаарында Кипрдин президенти Тассос Пападопулос менен дагы жолугушуу өткөрдү.

XS
SM
MD
LG