Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Улуу Британияда дагы төрт шектүү адам кармалды


Британ полициясы бүгүн Бирмингем шаарында төрт адамды кармады, алардын бири Ясин Хасан Омар деп айтылууда жана ага - 21-июлдагы ишке толук ашпай калган террор аракеттерин уюштурууга катышкан деген күнөө коюлууда. Бирмингем өлкөнүн экинчи ири шаары жана эртең менен калаадагы эки үй курчоого алынып, айланадагы тургундар башка жакка көчүрүлгөн. Ал күнү Лондон шаарында төрт жардыруу болгон, эч ким өлгөн эмес жана андан бери бардыгы болуп тогуз адам кармалды. 7-июлда ишке ашырылган төрт террор аракетинен болсо Лондондо элүүдөн ашык адам набыт кетип, жети жүзгө жакын киши жараат алган.

XS
SM
MD
LG