Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

ЖАЛАЛАБАТТА КАЛГАН БОЗГУНДАР ДА БИШКЕККЕ ТАШЫЛДЫ


28-июлда Жалалабат облусундагы өзбек бозгундарынын 120дан ашык өкүлү учактар менен Бишкекке ташылып кетти. 27-июлда 300дөн ашык бозгун «Манас» аэропортуна жеткирилген болчу. Бозгундардын айрымдары качкын макамы али бериле электигин, Кыргызстан укуктарын коргой албаса, үчүнчү өлкөгө кетүүгө мажбур болушаарын билдиришти.

Бозгундар лагеринде калган 120дан ашык өзбек жараны качкындар лагеринен Жалалабат аэропортуна МАИнин коштоосунда автобустар менен алынып келинди. Облустун аймагынан кайда баратканын билбеген бозгундардын ойлору да аркыл.

Анжияндык Ибрагим Салаев аттуу бозгун кырдаал оңолсо, Өзбекстанга кайтуу ниетин билдирди:

- Кудай кааласа Өзбекстанда жакшы өзгөрүштөр болсо, кайтабыз. Башка жерге барууга ниет жок.

Өзбекстандын ички иштеринде мурда кызмат өтөгөн Тойчубай Хожоназаров деген жигит кайсы мамлекетке бараарын билбей турганын айтты:

- Азырынча качкын макамын берүү маселеси чечилген жок. Качкын статусун албай туруп, кайсы өлкөгө барууну айтуу кыйын. Биринчи маселе чечилсе, калганы өзүнөн өзү белгилүү болот.

Кыргызстанга күйөөсү менен бирге качып өткөн Нигора аттуу келин кабыл алаар чет мамлекетке кетүүгө макул экендигин маалымдады:

- Кыргызстан бизди коргой албай, чет өлкөлөр бизди сураса, албетте ошол мамлекетке баруубуз мүмкүн.

Анжияндык төрт балалуу аял Өзбекстандагы оор турмуштун айынан орун-жай өзгөртүүгө мажбур болгон:

- Балдарга жөлөкпул берилбейт. Анжиянда менин төрт балам калды. Иштеген жериңден, күйөөңдүн мекемесинен справка алып кел дешет. Иш болбосо, справканы кайдан аласың? Эримдин да өзүмдүн да ишим жок.

Орун которгон туугандары менен коштошууга келген анжияндык аялдар бозгун балдары, күйөөлөрү менен кайырлашууга үлгүрбөй калышты:

- Качкын балдарымды издеп келдим. Балдарымды көрүп калсам мейли эле… Абдикамал Мусакасымов, Бүсара Акбарованы издеп келдик. Лагерге барсак, аэропортко 15 мүнөттө жетесиңер дешти эле, таппай калдык.

Жалалабаттык жарандардын бири бозгундардын Мекенине кайтуусун эп көрдү:

- Мүмкүн болсо буларды өздөрүнүн элине жөнөткөн жакшы эле.

Сүрөттө: Бозгундарды ташуу учурунан бир көрүнүш

Сүрөттү тарткан Аида Касымалиева
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG