Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:36

ОРУСИЯДА ЖАҢЫ ДИНИЙ СЫНАЛГЫ КАНАЛЫ ОБОГО ЧЫГА БАШТАДЫ


Алгач патриоттук-аскердик канал пайда болду, кийин Орусиянын чет өлкөдөгү имиджин жакшыртууну максат кылган телеканал түзүү планы белгилүү болду. Эми Орусияда алгачкы православ сыналгы каналы бүгүндөн тартып обого чыгууда. Бул диний канал Орусиянын руханий талаптарын канаттандырууга тийиш, бирок анда коммерциялык рекаламар да болот. Жергиликтүү байкоочулар бул демилгенин артында Кремлдин тургандыгын белгилешүүдө.

Орусиянын "Спас" каналы 28-июлда обого чыга баштады. "Спас" бул "Спасение" – сактап калуу деген сөздүн эскиче айтылышы. Азырынча бул программаларды НТВ Плюстун кардарлары сателит табактары аркылуу гана көрө алышат. Бирок аталган каналдын негиздөөчүлөрү аны бара-бара бүт Орусияда ар бир үйдө көрө алышат деп үмүттөнүшүүдө.

Жыл башында орус армиясы өздүк патриоттук каналын ачкандан кийин, православ чиркөөсү да диний каналдын зарылдыгын оозана баштаган. Патриарх Алексий улуттун рухун сактап калыш үчүн, реклама же саясат болбогон телепрограммалар керек деп айтканы бар. Православдардын Орусиядагы баш динаятчысы көздөгөнүнө жетти, бирок жарым-жартылай гана. Православ каналынын руханий миссиясына карабастан, ал жеке булактардан каржыланган коммерциялык долбоор болуп калды, "Спастын" баш директору Александр Батановдун "Азаттыкка" билдиришинче, программаларда реклама да жок эмес:

– Мисалы менин үстөлүмдө "Ыйык булак" деген минералдык суу турат. Бул сууну чыгаргандар биздин реклама бөлүмүбүзгө кайрылышса, мыйзам ченемдүү көрүнүш болмок. Же болбосо Орусиянын өзүндө чыгарылган товарлардын рекламасына орун бере алабыз. Менимче, Орусияда реклама убактысын же программаны каржылоону сунуш эте турган орусиялык өндүрүүчүлөр жетиштүү, азырынча биз ушул жол менен барабыз.

Батанов ошондой эле өздөрүн православ деп мүнөздөгөн ишкерлерден кызыгуу күчтүү болуп жаткандыгын кошумчалады:

– Булар - динге ишенген, православ бизнесмендер. Биз алар менен жолугушуп, алар биздин каналда реклама ойнотуп же программаларды каржылоого кызыгуу билдиришкен.

Реклама керек деңизчи, бирок "Спасс" телеканалынын башкы максаты албетте – элди сактап калуу. Бекет жетекчилеринин айтымында, диний программалар эфирдик убакыттын 40 пайызын түзмөкчү. Калган 60 пайызында көркөм жана документалдык тасмалар жана талкуулар көрсөтүлөт, бул толугу менен моралдык-этикалык стандарттарга жооп берген жана Орусиянын өзүндө тартылган программалар болмокчу.

Жаңы каналды "православ" бизнесмендер каржылайт деп ырасташканы менен, журналист Сергей Варшавчук буга анча ишене бербейт. Азаттыкка ал "Спасс" каналынын пайда болушу Кремлдин пландары менен төп келип жаткандыгын белгиледи.

Бир нече жылдан бери президент Владимир Путин Орусиянын жаштарын патриоттук сезимде тарбиялоо керек деп айтып келет. Ал ошондой эле аскер чөйрөлөрү менен да, православ чиркөөсү менен да жакын алака түзүп, орус элинин асыл-нарктарын жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү коргоонун зарылчылыгын көп сөз кылат. Путинге Орусиянын падышачыл "Самодержавие, Православие жана Народность" деген ураанга шыктанганы байкалат.

Варшавчук белгилегендей, "Спасс" каналынын обого чыгышы кокустук деп айтуу кыйын:

- Бул кеңири масштабдагы агартуучулук программасы менен дал келет. Ал программаны "Патриоттук билим берүү, Православие, Улуттук дух" деп атап койсо болот. Бул каналдардын бири да оппозициячыл эмес, бул көптөн бери айтылып келаткан коомдук канал да эмес. Бул каналдардын баары Кремл тарабынан жактырылган."

Варшавчук белгилегендей, Орусия федерациясында православ дини үстөмдүк кылганы менен, башка көптөгөн диндер да бар. Ал бир эле динге басым жасабай, бардык диндерди камтыган канал түзүлсө, максатка ылайык болмок дейт:

– Биз динден ажырым, көп диндин өкүлдөрү жашаган өлкөбүз. Эгер акыйкат бололу десек, мусулмандар үчүн өзүнчө, баптисттер, жөөттөр үчүн өз-өзүнчө канал ачышыбыз керек. Же бардык диндерге арналган канал болушу керек."

“Азаттыктын” кабарчылары менен баарлашкан орусиялыктардын бир катары православ каналынын пайда болушун колдошот же өздөрү динге ишенбеген күндө да, мындай канал ашык болбойт деп эсептешет. Бул албетте телеканалдын негиздөөчүлөрүн кубандырбай койбойт.
XS
SM
MD
LG