Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:05

Баткенде шайлоонун жыйынтыгы талкууланды


БАТКЕН. Максаты Кыргызстанда өткөрүлгөн кезексиз президенттик шайлоонун жыйынтыгын талкуулоо жана мындан аркы боло турган шайлоо өнөктүгүн жакшыртуу үчүн сунуштарды иштеп чыгууга болгон бул жыйынды “Эл аралык толерантуулук үчүн” коомдук фонду уюштурду. Тегерек үстөлгө облустук шайлоокомунан, бийликтен, бейөкмөт уюмдардан, массалык маалымат каражаттарынан өкүлдөр катышышты. Баткен облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Авазбек Жамалов өз сөзүндө участкалык жана аймактык шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Шайлоо кодексин жакшы билбегенин маалымдады. Талкууда катышуучулар тарабынан бир катар кемчиликтер, толуктоолор айтылып, бейөкмөт уюмдар тарабынан шайлоо өнөктүгү жаатында окуу борборлорун ачуу, шайлоо комиссиясы тарабынан координациялык кеңеш түзүү жана мектептерде жогорку класстар үчүн шайлоо өнөктүгү боюнча окутууларды киргизүү сыяктуу сунуштар айтылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG