Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Темир жолчулар ачкачылык акцияны улантышууда


БИШКЕК. 7-июндан тарта ачкачылык жарыялаган Темир жол башкармалыгынын жумушчулары 28-июлда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна доо арызын жолдошту. Арыз ээлери соттон алардын адамдык аброюна шек келтирген материалдарды жарыялаган «Московский комсомолец-Кыргызстан» гезитинин редакциясынан 500 миң сом жана темир жол башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Нариман Тулеевден басылмага алардын ар-намысына шек келтирген интервью бергендиги үчүн 500 миң сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Бул тууралуу 28-июлда «Азаттык» радиосуна ачкачылык акциясында отурган Эрнис Докенов билдирди. Анын айтымында, коюлган талаптар аткарылмайынча, нааразылык чарасы улантылат:

- Биздин талаптарыбыз – темир жол башкармалыгынын азыркы жетекчиси Кыдыкбек Исаев кызматынан кетирилсин, нааразылыык чарага катышкандыгы үчүн Эмгек кодексин бузуу менен жумуштан кетирилген беш жумушчу кайрадан ишке алынсын. Биз темир жол башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Нариман Тулеев алып келген команданын да бакшармалыктан кетишин талап кылып жатабыз.

XS
SM
MD
LG