Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Т. Акун: “Качкындар үчүнчү өлкөгө өткөрүлүп берилиши керек”


БИШКЕК. Өзбек качкындарына байланыштуу маселеде Кыргызстан бардык эл аралык милдеттенмелерин сакташы керек. Оштогу убактылуу тергөө изоляторундагы 25 качкын Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Мындай пикирин 28-июлда президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун «Кабар» агенттигинде өткөн пресс-конференцияда билдирди. Ал белгилегендей, өзбек качкындарына байланыштуу маселени чечүүдө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара мамилелерди эске алуу абзел, бирок ал кыргыз өкмөтүнө эл аралык мидеттенмелерин аткарууга тоскоол болбошу керек. Турсунбек Акун өлкөнүн Баш прокурору Азимбек Бекназаровдун эгерде 14 өзбек качкынынын кылмыш жасагандыгы далилденсе, Өзбекстанга өткөрүлүп берилет деген пикирине каршы экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG