Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Жалалабад облусунан өзбек бозгундары толук чыгарылып кетти


ЖАЛАЛАБАТ. Жалалалабат аэропортуна автобустар менен ташылган 120дан ашык өзбек бозгуну АН-24 үлгүсүндөгү үч учакта Бишкекти көздөй сапар тартты. Алардын 76сы аял, 17си балдар. Адам укугун коргоочулар менен журналисттердин божомолунда, 27-июлда 300дөн ашык бозгун Жалалабаттан жөнөтүлгөн. 28-июлда да айлана-чөйрөсү ички иштер кызматтары тарабынан курчоого алынган аэропортко кирүүгө, бозгундар жана аларды тейлеген БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссариатынын, өлкөнүн миграция жана тартип коргоо мекемелеринин жетекчилери менен сүйлөшүүгө жана маалымат алууга макулдук берилген жок. Бозгун туугандары менен кайырлашууга келген бир канча аялдар да алар менен коштошууга үлгүрө алышпады. 13-майдагы Анжиян козголоңунан кийин 534 өзбек жараны облуска качып келген болчу. Алардын бир канчасы Мекенине ыктыяры менен кайткан соң, Кыргызстанда 456 бозгун калган эле.

XS
SM
MD
LG