Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Кумтор кенине бараткан жол тосулууда


БИШКЕК. Кумтөр кенине бараткан жолду Барскоон айлынын тургундары тосууну улантууда. Алар 1998-жылдагы аварияда цианид уусунун төгүлүүсүнөн келген зыянды эл аралык деңгээлде компенсациялап берүүнү жана “Центерра голд” биргелешкен ишканасын түзүүнү жокко чыгарууну талап кылууда. Бул тууралуу «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова 28-июлда Барскоондон билдирди. Анын айтымында, эл өз талаптары толук аткарылганга чейин турарын билдирүүдө. Эл канадалык компанияга тийиштүү автоунааларды гана тосуп, карапайым элдин трапнспортун тоскоолсуз өткөрүүдө. Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги Кумтөр кенин айланасында түзүлгөн кырдаал менен тааныш эместигин маалымдашууда.

XS
SM
MD
LG