Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

Коопсуздук кеңешинде качкындар маселеси каралды


Коопсуздук кеңештин катчысынын орун басары Вячеслав Хандын 28-июлда «Азаттыкка» билдирүүсүнө караганда, «Манас» аба майданына чогултулган өзбек качкындары 29-июлга караган түнү үчүнчү өлкөгө чыгарылып кетет. Ал эми Оштогу СИЗОдо кармалып турган 29 кишинин 14үн Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча башкармалыгына өткөрүп берүүнү 27-июлда болгон Коопсуздук кеңеши өлкөнүн Башкы прокуроруна сунуштады. Ал эми калган он бешин өзбек тарап өткөрүп берүүнү талап кылууда. Алардын маселеси дагы кошумча каралыш керек, деп белгиледи Вячеслав Хан. Маалыматка караганда, он беш кишинин төртөөсүнө качкын макамы берилген эмес. Өзбек качкындары кайсы өлкөгө чыгарылары азырынча ачык айтылбай жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG