Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:52

25 КАЧКЫНДЫН ЖАГДАЙЫ БАШКЫ ПРОКУРАТУРАДА ТАЛКУУЛАНУУДА


28-июлдун түнүндө Башкы прокуратурада башкы прокурор Азимбек Бекназаров, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева, Качкындар комиссарынын миссия башчысы Карлос Заканини, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг Ош шаарындагы СИЗОдо отурган өзбекстандык адамдардын жагдайына байланышкан сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул аралыкта бир катар укук коргоочулар Башкы прокуратуранын имаратынын алдына пикет уюштурушуп, алар СИЗОдогу 29 качкындын 25 ин үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүүнү талап кылышты. Анткени, буга чейин Улуттар уюмунун Качкындар иштери боюнча башкы комиссарлыгы 25 өзбекке качкын макамын ыйгарып, аларды үчүнчү өлкөгө өткөрүүгө уруксат берүүнү өкмөткө сунуштаган.

Анжиян окуясынын маалында баш паанек сурап келген 500 чамалаш өзбекстандыктын 29у кылмыш жасаганынан шектелип, Ош шаарындагы тергөө изоляторуна киргизилген. Узак мөөнөттүү текшерүүнүн жыйынтыгында Качкындар комиссарлыгы башкалар менен кошо алардын 25ине качкын макамын ыйгарган. Калган төртөөнүн күнөөсүн иликтөө зарылдыгы белгиленген. Бирок Башкы прокурор Азимбек Бекназаров күнөөсү бар экендигинен шектелгендердин саны андан кеминде үч эсе көп экенин, бул укуктук жактан негизделгендигин буга чейин бир нече ирет билдирген.

Ал эми журналисттердин суроолоруна берген жообунда биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов буларды билдирди:

- Башкы прокуратура качкын деп таанылган 12 кишинин жагдайы сот аркылуу чечилет деп аныктаган.

Куловдун айтымында, шектелген адамдар 1951-жылы кабыл алынган БУУнун Конвенциясына ылайык кармалып турган жердеги сот аркылуу териштирилиши керек.

Ал эми эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар эл аралык нормалар кыйноо көрсөткөн өлкөгө кандай гана кылмышкер болбосун, аны өткөрүп берүүгө тыюу салат деп, бул мыйзамды аткарууга Башкы прокурорду чакырып жатышат. Алардын бири «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова мындай деген ойдо:

- Кандай кылмышкер болбосун, бозгун болбосун, сот аркылуу гана чечилет. Сот үчүнчү мамлекетте гана болот. Эч ким Өзбекстанга бере албайт. Анткени, Кыйноого каршы конвенция, Качкындар конвенциясы бузулат. Кыргыз өкмөтү, эл аралык уюмдар ушунчалык убара болуп, кыйналды. Иштин жакшы бүтүшү үчүн ошол 29ун тең башка өлкөгө бериши керек.

Ал эми «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын башчысы Эдил Байсалов качкын макамын албай калган төрт адамдын күнөөлүү экендиги толук далилдене элек деген пикирде:

- Силер билесиңер, аларга байланыштуу тергөө уланууда. Алар дагы эле баш калка издегендер деген макамга ээ. Алар дале Кыргызстандын жана Бириккен Улуттар уюмунун карамагында калышы керек. Алар боюнча тергөөлөр бардык тараптардын катышуусунда ачык-айрым жүргүзүлүшү керек.

29 адамдын жагдайы бир күн мурда Коопсуздук кеңешинде да талкууланып, Башкы прокурор шектелген адамдарды берүүгө мыйзам жол бербей тургандыгын билдирген. Бул тууралуу 28-июль күнү түштөн кийин уюштурган маалымат жыйынында президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун билдирди:

- Мен коопсуздук кеңешинин бир бөлүгү каршы болуп атат деп айткан жокмун. Маселе бир кишиде. Бул киши Бекназаров, Башкы прокурор. Бир киши каршы болуп атат. Калгандары колдоп жатышат башка, үчүнчү өлкөгө берүүнү.

Турсунбек Акун Башкы прокурордун мындай мамилесин эки өлкөнүн ортосундагы укуктук багыттагы кызматташтыгы менен байланыштырды. Анын пикиринде, Бекназаров качкындарга байланышкан окуя кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүүгө тоскоолдук кылат деп тынчсызданып жатышы ыктымал.

Ал эми Башкы прокурор Ош шаарындагы СИЗОдо отурган өзбекстандык шектүү адамдарга байланыштуу пикирин коомчулукка билдире элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG