Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Британияда дагы тогуз адам кармалды


Бүгүн Британияда жакында жардырууларга көрүлгөн аракетке тиешеси бар болушу мүмкүн деген шек менен дагы тогуз адам кармалды. Полиция билдиргендей, алар Лондондун түштүгүндөгү эки башка жерден кармалган. Шаардык полициянын өкүлүнүн айтымында, алардын ичинде буга чейин транспорт системасында жардыруу жасаганга аракет кылган төрт адамдын үчөөсү жок. Бирөөсү кечээ кармалган төрт адамдын ичинде деп жарыя кылынган эле.

Бүгүн Лондон полициясынын төрагасы Йан Блэр 21-июлда жардыруу жасаганга көрүлгөн аракет дагы кайталанышы мүмкүн экенин, анткени террор актысын жасоого аракет кылгандар дале эркиндикте жүргөнүн айтты.

Йан Блэрдин айтымында, алардын соңку аракеттеринен майнап чыкпагандыгы менен, жардыруу уюштурууга аракет көргөн төрт адам “бул иште машыккан адамдар” болушканын, бирок алар бир ката кетиришкенин, ушундан улам шаар оор кырсыктардан аман калганын билдирди. Анткен менен дагы жардыруу коркунучу бар деди ал.

- Кайра дагы чабуул болушу мүмкүн деген кооптону дале бар. Дагы эле чабуул жасоону каалаган жана ага күчү жеткен экстремисттик топтор бар экени мүмкүн болуп турат.

XS
SM
MD
LG