Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Пекинде бүгүн Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөр улантылат


Бүгүн – сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү күнү. Анын учурунда АКШ менен Түндүк Кореянын делегациялары үч ирээт эки тараптуу жолугушуу өткөргөнүнө карабай, азырынча бир аз гана прогресс болгондой. Америкалык делегациянын башчысы Кристофер Хиллдин кечээги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин билдиргенине караганда, ортодо бир катар пикир келишпестиктер бар. Ал ошондой эле айрым маселелерде түшүнүүчүлүк да бар экенин кошумчалады. Ал эми Кытайдын өкүлүнүн билдиргенине караганда, азырынча сүйлөшүүлөрдө чоң жылыш болот же туңгуюкка кептелет деп айтуу эртелик кылат.

XS
SM
MD
LG