Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Өзбек качкындары Румынияга жөнөтүлдү


Кыргызстандагы өзбек качкындарынын ичинен 440 адамды салган учак Бишкектеги "Манас" аэропортунан бүгүн таңга маал саат 6 ченде жөнөп кетти. Алардын арасында буга чейин Ош шаарынын тергөө абагында кармалып келген 29 өзбекстандыктын 14ү да бар. Калган 15 өзбекстандыктын 11не гана БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссариаты качкын статусун ыйгарган. Алар эми Кыргызстанда калтырылабы же Өзбекстанга өткөрүлөбү, азырынча так белгисиз. Румын тышкы иштер министри Михай Резван Унгурянунун билдиргенине караганда, Румыния өзбек качкындары үчүн утурумдук жай болот. Румыниядан соң качкындар Канада, Дания, Нидерландия, АКШ өңдүү башка өлкөлөргө көчүрүлмөкчү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG