Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

ПОЛЬША БЕЛАРУСИЯДАГЫ ЭЛЧИСИН ЧАКЫРТЫП АЛДЫ


Акыркы эки ай ичинде Польша менен Беларусия ар кандай деңгээлдеги дипломаттарын чыгаруу менен алектенип жатышкан эле. Кечээ Польшанын Минскидеги элчисин чакыртып алышы эки коңшу өлкө ортосундагы кризисти жаңы деңгээлге көтөрдү.

Мунун алдында шаршембинин кечинде Гродно шаарында милиция жана ОМОНдун аскерлери "Беларусиядагы поляктар союзу" деген уюмдун кеңсесине штурм жасап, күч менен кирген эле. Аталган уюмдун жаңы жетекчиси Анжелика Борис баш болгон жыйырмадай адам кармалган. Беларусиянын юстиция министрлиги анын уюмдун жетекчилигине шайлануусун таануудан баш тартууда. Камакка алынгандар бир нече сааттан кийин бошотулду.

Анежилика Бористин айтымында, беларус бийлиги анын ордуна, поляктар уюмунун башчылыгына өкмөтчүл жетекчиликти алып келүүнү көздөөдө:

- Түнкү саат бирлерде бошотушту. Мен бүгүн прокуратурада, милицияда болдум. Биздин кеңседе ОМОНдун, КГБнын адамдары көп жүрөт. Атайы уруксат менен гана кире аласың. "Беларусиядагы поляктар союзу" уюмунун мурдагы төрагасын Калашников автоматы менен куралданган милиция омончулар алып киришти. Себеби адамдар аны өз лидери катары көргүсү келбейт.

Анжелика Бористин айтымында, беларус бийликтери аны уюмдун акчасын уурдаган деп айыпташууда. Мындай айып прокуратурадан ага кечээ угузулган.

Беларусиядагы поляк жамааты менен байланышкан чатак жөнүндө кечээ Польшанын парламентинде да сөз болду. Анда чыгып сүйлөгөн поляк тышкы иштер министрин орун басары Якуб Вольски расмий Варшава Анжелика Бористин уюмдагы жетекчилигин таанырын белгилеп, мындай деди:

- Мен расмий түрдө билдирип койгум келет. Биз "Беларусиядагы поляктар союзунун" мыйзамдуу шайланган жетекчилигин колдойбуз, ал эми беларус бийликтери ага уюм алардын көзөмөлүнөн чыгып кеткенине байланыштуу каршылык билдирүүдө.

Айтор аталган уюм соңку кездери Польша менен Беларусиянын мамилеси бузулушунун жүйөөсү болуп келүүдө. Беларусияда 400 миңге поляк жашайт. Уюмдун ырастоосунда алардын 10 миңдей активдүү мүчөсү бар. Бул "Беларусиядагы поляктар союзу" өлкөдөгү эң чоң өкмөттүк эмес уюм дегенди туюндурат. Ошондой эле өз гезитин да чыгарат. Каржы болсо Варшавадан алынат. Март айындагы курултайда уюмдун жаңы жетекчилиги, гезиттин жаңы редакциялык кеңеши шайланган. Бирок беларус бийликтери добуш берүүдө мыйзам бузуулар орун алды деп эсептегендиктен курултайдын жыйынтыгын тааныган эмес.

Жеке коомдук уюмдун ишине кийлигишүү жасалганын Польшанын расмий өкүлдөрү сынга алган эле. Беларус президенти Александр Лукашенко болсо өз кезегинде Варшаваны алардын ички ишине аралашып жатканы үчүн айыптап, бир поляк дипломатын өлкөдөн чыгарууга көрсөтмө берген. Азыркы чатак мына ушундан башталды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG