Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:53

КЫРГЫЗСТАНДА КАЛГАН КАЧКЫНДАР ӨЗБЕКСТАНГА БЕРИЛЕБИ?


Кубанычбек Жолдошев, Ош 28-июль күнү түнкү саат он экилерге жакын Оштогу убактылуу тергөө жайында кармалып турушкан 29 өзбек атуулунун он төртү Ош аэропортунан жөнөтүлдү. Тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграциялык департаментинин жетекчилиги калган он беш адамдын мындан аркы тагдыры тиешелүү органдардын кылдат иликтөөсүнөн кийин гана белгилүү боло тургандыгын жарыялады.

Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар комиссариаты тарабынан даярдалган эки автоунаага олтургузулган 14 өзбек атуулу Ош аэропортуна жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча өкүлү Бектур Аданов өзбек качкындары толук чегара көзөмөлүнүн текшерилүүсүнөн өткөрүлүп, аларга карата бир катар коопсуздук чаралары көрүлгөндүгүн билдирди:

- Азыр түнкү саат он экиден өтүп жатат. Биз Ош аэропортуна Ош СИЗОсунан он төрт тургунду алып келип, бүт бардык коопсуздук чаралары көрүлүүдө. Бул жерде ички иштер министри, прокуратура жана башка коопсуздук мекемелердин кызматкерлери чогулуп өзбек тургундарын Бишкек аэропортуна узатып жатабыз.

Атайын текшерүүлөрдөн өтүп жатып өзбек качкындары 88 күндөй убакыт бою баш калкалоого мүмкүнчүлүк берген кыргыз өкмөтүнө ыраазычылыгын айтышып, кайрадан туулган жерге кайрылып келүү үмүтү менен кетип жатышкандыгын билдиришти:

- Кыргыз өкмөтүнө ыраазычылыгыбызды айтабыз. Эмне болорун эми келечек көрсөтөт. Туулган жерибизге тез арада кайтабыз го деген үмүтүбүз бар.

Тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция департаментинин башчысы Зафар Хакимов Ош шаарындагы тергөө абагында калган 15 өзбек атуулунун мындан аркы тагдыры кылдат иликтөөлөрдөн кийин гана белгилүү боло тургандыгын билдирди:

- Бул жерде калган 15 өзбек атуул боюнча биздин Башкы прокуратура тарабынан алардын айткан дооматтарын, себептерин карап чыгыш үчүн Өзбекстандан кошумча материалдарды сураганбыз. Алар келгенден кийин буларды өзүбүздүн качкындар боюнча мыйзамдын негизинде алты ай ичинде, эгерде кошумча материалдар керек болсо бир жыл ичинде акыйкаттык менен карап чыгышыбыз керек.

Анткен менен жергиликтүү талдоочулар тергөө абагында калган 15 өзбек атуулун кыргыз бийлиги Өзбекстанга өткөрүп бериши мүмкүн деп болжолдошууда.
XS
SM
MD
LG