Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

ОРУСИЯДА КАНАТТУУНУН САСЫК ТУМООСУ ТАРАЛУУДА


Орусиянын бийликтери Сибирде канаттуунун сасык тумоосу табылганын бышыктады. Бийликтердин айтымында, сасык тумоону Азиядан келгин куштар алып келген жана анын адам баласына коркунучу аз. Башка эксперттер бул кеселдин адам баласына жугуш коркунучу жок эмес деп шек санап жатышат.

Орусиянын башкы эпидемологу Геннадий Онищенко ушул дүйшөмбүдө Маскөөдө пресс-конференция өткөрүп, өлкөдө канаттуунун сасык тумоосу табылганын бышыктады:

– Биздин өлкөдө Эйч5 вирусу табылганы факт болуп калды. Бул вирус канаттууларды оору кылганы белгилүү, бирок адам баласына жуккан учурлар катталган эмес.

Оору алгач Батыш Сибирдеги Новосибирск аймагында табылган эле. Андан бери 1 миң чакты үй канаттуусу, негизинен каз-өрдөк кырылды, бирок адам баласы ооруган учур боло элек.

Онищенко канаттуунун сасык тумоосун пайда кылган вирус Азиянын бир катар аймактарында табылган вирустан бөлөк да, чабал да экендигин белгиледи. Бирок дүйнөнүн чар тарабындагы окумуштуулар Орусияда табылган вирус миллиондогон кишинин өмүрүн алган эпидемияга алып келиши ажеп эмес деп чочулашууда.

Роттердамдагы Эрасмус Медицина борборунун кызматкери, дүйнөдөгү белгилүү вирус таануучулардын бири болгон Алберт Остерхаус Сибирде табылган Эйч5-Эн2 вирусу адам баласына жугушун такыр четке кагууга болбойт деп эсептейт:

– 1997-жылдан бери бул вирустар айбанаттардан адамдарга өтүп, өлүмгө алып келгенине күбө болдук. Эйч5-Эн2 вирусу адамдарды оору кылганын көргөн жокпуз, бирок мындай нерсе эч качан болбойт деп айтуу өтө эрте.

Адамдар канаттуунун сасык тумоосун жуктуруп алганда, өлүм болгон учурлар 50 пайыздан ашат, адамдык чыгымдын мындай көп болушунун себеби эмнеде?

Окумуштуулардын ишениминде, канаттуунун сасык томоосунун вирусу адам баласынын организмине киргенден кийин, мутацияланып, же кадимки эле сасык тумоонун вирусуна кошулуп, буга чейин такыр болуп көрбөгөн жаңы вирусту пайда кылат. Кийин мындай вирус адамдарга оңой эле жугат. Мындай вируска адам баласынын табигаттан иммунитети болбогондуктан, ал тез эле жайылып кетет.

Бул кырдаалда кандай чара көрүлүшү зарыл? Доктор Остерхауз канаттуунун сасык тумоосу жайылган аймактарда үй жандыктарына жакындан көз салып, кишилерге жукса, аларды дароо башкалардан бөлүп, дарылаш керек деп кеңеш берет:

- Биринчиден, кырдаалга көз салып, жапайы жаныбарларды да, үй жандыктарын да карап туруш зарыл. Ошондой эле кишилерге башынан көзөмөл керек.

Учурда канаттуунун сасык тумоосуна каршы вакцина ойлонуп табыла элек. Кайсы вирус мутацияланаары, мутациянын качан башталаары да белгилсиз.

XS
SM
MD
LG