Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: «МЕН ӨЗБЕКСТАНГА КАЧКЫНДАРДЫ ЭМЕС, КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИ ӨТКӨРҮП БЕРЕЛИ ДЕП ЖАТАМ»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Учурда Ош шаарындагы айыпкерлерди убактылуу кармоочу жайда жаткан өзбекстандык 15 жарандын тагдыры тууралуу талаш-тартыш күчөөдө. Көпчүлүк эл аралык уюмдар менен бирге кыргызстандык укук коргоочулар да ал 15 жаранга качкын макамы берилген соң аларды Өзбекстанга өткөрүп бербей, 3-өлкөгө чыгарып кетүүгө уруксат бериш керек десе, Башкы прокурор Азимбек Бекназаров алар Анжияндагы окуядан мурда эле кылмыш жасагандыгы үчүн шектелип камакка алынгандар, андыктан аларды качкын катары Кыргызстандан качырып ийгенге болбойт деген пикирди карманат. Ушул талаш-тартыштуу маселеге байланыштуу Башкы прокурор Азимбек Бекназаров атайын «Азаттык» радиосуна маек куруп берди.

- Азимбек мырза, эмне себептен 15 качкынды берүүгө сиз уруксат бербедиңиз?

- 15 киши качкын эмес, алар кылмышкерлер. Анжияндагы окуя болгонго чейин алардын он экиси сот болот деп, соттун чечимин күтүп отурган кишилер. Буларды качкындарга, же “акрамийлерге” аралаштырууга болбойт. Жөнөкөй тил менен айтайын, 24-мартта революция болду. Мына ошол революцияда мисалы биздин Бишкек шардык СИЗОго аракет кылып киришти, ошол СИЗОдогу кылмышкерлер, адам өлтүргөндөрү, наркомандары, уурулук кылгандар качып кетип, Казакстанга барып отуруп алды. Окуя бүткөндөн кийин кайра качкындарга кошулуп, мен дагы качкынмын деп алардын ичине кирип алды. Ошол качкын болуп эсептелинеби? Карапайым элге мен ушундай түшүндүрөйүн. Ал эми саясатчылар, эл аралык уюмдун өкүлдөрү түшүнгүсү келбейт. Мен элге айтып коеюн, ошол 12 киши Анжиянда башка кылмыштар менен отурган адамдар. Эгер жанагы окуя болбосо бүгүн соттолуп түрмөлөрдө отурмак. Биз ошол качкындардын арасынан он экисин бөлдүк. Өздөрү макул болду. Андан кийин дагы 284 адамдын тизмесин берди Минск Конвенциясынын негизинде. Булар адам өлтүргөндөр, террористтик акты кылгандар, ушуларды да тергеп бергиле деп берди Өзбекстан. Алардын ичинен карап көрсөк, чындыгында үч адам адамдын өлтүргөндүгү далилденген видео тасма бар экен. Облустук прокурорду “ал-лоо акбар” деп туруп, мууздаган видео тасма бар. Бирөө наркотик менен кармалган рецидивист. Аларды дагы бөлүп койдук. Ошентип он жетисин, бардыгы 29ун бөлдүк. Калгандарына биз тийген жокпуз. Бүгүнкү күндө мен аларды качкындар деп бербей жатканыма эч кандай укугум жок. Мен СИЗОдо отурган кылмышкерлерди гана бербей жатам. Качкындарга менин эч кандай тиешем жок. Ошондуктан бүгүн саясат кылып аткан адамдар дагы качкындар менен кылмышкерлерди бөлүп алыш керек да. Экөөнү аралаштыра бербеш керек.

- Бирок алар айтып атпайбы, алардын кылмышкер экенин соттун өкүмү менен гана аныкталат, азыр аларды кантип кылмышкер деп атоого болот деп?

- Мына СИЗОдо 6-9-айлап камакка алып, күнөөсү угузулуп туруп, тергөө жүрөт. Андан кийин сотко берилет. Азыр ошол тергөө стадиясында. Эгер Анжиян окуясы болбогондо булар соттолмок, жазасын алмак. Жанагы окуя болуп качып кеткенден кийин каяктан сот болмок эле. Же Өзбекстанга өткөрүп бербесек кайдан сот болот. Ошон үчүн биз он экисин Өзбекстанга өткөрүп берели, сот болсун деп атабыз. Ал эми жанагы эл аралык уюмдар ошол жерден барып көзөмөлдөп алсын. Анткени качкындар жөнүндө 51-жылкы Конвенциянын дагы 1-статьясынын Ф-пунктунун Д, С- пунктчасында так жазылган: “Эгерде ошол качып башка мамлекеттин аймагында калганга чейин, башка бир кылмыштарды жасаган болсо, ага качкын деген статус берилбейт” деген. Экинчисинде “БУУнун максат принциптерине каршы аракеттерди жасаган кишилерге дагы качкын деген статус берилбейт” деген. Мына мен, Кыргызстандын Башкы прокурору ошол качкындар боюнча Конвенциянын талаптарын так аткарып атам. УВКБ ошол менен иштеши керек болчу. Мен кечээ келгенде да айттым, мен бул принциптерди так кармап атам. Ал эми силер тескерисинче буларды алып кетем деп атасыңар, кантип түшүнсө болот. Бир эле убакта силер “Гансиден” туруп ислам кыймылы, террористтер деп туруп, аныктабай туруп эле Ооганстан, Иракты, карапайым элди деле террористтер деп бомбалап атпайсыңарбы. Ошол учурда Өзбекстандан террористтик акт кылды, адам өлтүрдү деген адамдарды жок, алып кетебиз деп атасыңар. Муну кандай түшүнсө болот деп. Эки жүздүү бөлөк саясат деп эсептейм мен муну. Ал эми тескерисинче Качкындар боюнча башкы комиссариат ошол конвенциянын бир нече пунктун бузушту. Мен алардын өздөрүнө далилдеп бердим. Мына алар айтып атат, буларга биз “качкын” деген статус бердик, алып кетип атабыз деп. “Качкын” деген статусту алар бере албайт. Ошол макул болгон мамлекеттин президенти берет. Ал эми бүгүн айтып атат, буларга УВКБ статус берсе дагы, Бекназаров чыгарбай атат деп. Статусту ала элек алар.

- Бирок БУУнун Качкындар комисариаты бербедиби аларга, булар качкындар деп?

Мына, силер да ушуну айтып атасынар. Мен да кечээ айттым, кайсы статьяда УВКБнын укугу жазылган “качкын” деген статус бере алат деген көрсөткүлө десем, бере алган жок, көрсөтө алышкан жок. Мен дагы айтып коеюн, Жогорку комиссариат андай статусту бере албайт. Аны кайсы мамлекет берсе, мисалы Кыргызстан биз берсек, биздин президент бериши керек.

- Ал эми 27-июлдагы Коопсуздук кеңештин чечими дагы ушундай эле болдубу, же анда дагы башка аргументтер барбы?

- Ошол Коопсуздук кеңешинде дагы биз чечим кабыл алганбыз, ошол жыйырма тогузунан талашсыз делген
деген он бешин алып калалы, калган он төртүн барган жагынан тергөөнү уланта берсин деп мен макулдук бердим. Тергөө бүтүп калган кишини мен бере албайм дедим. Ошондо он төрт кишиси берилсин деген чечим алынды эле. Алар болсо мага “качкын” деген статус алган он төртү берилсин деп жазып коюптур. Андай чечим жок, “качкын” деген статусту эч бир мамлекет берген жок, мен кантип тиркейм өздүк делосун. Ошон үчүн кечээ күнү бере алган жокмун. Түнү менен Ниязовду таап, ошол кеңештин чечимин оңдоп, түздүртүп, качкын деген статус алды деген эмес, ушул 14 адамдын СИЗОдон чыгаруу маселеси Башкы прокуратурадан суралсын деп оңдотуп туруп, ошого жараша чечим алып, түнкү саат экилерде кое берилди. Коопсуздук кеңештин чечими дагы туура эмес болуп калган. Алар дагы эл аралык уюмдун документин карап эле, текшерип, иликтебей эле, булар качкын деген статус алган деп туруп жаза берген. Ал эми статусту кайсы мамлекет берген, кайсы чечим алынган, кайсы жерде аны билишпейт.

- Американын Кырызстандагы элчиси Стивен Янг “бул качкындардын берилбей калышынын бардыгын Азимбек Бекназаровдун абийрине койдук”- деп, өзүнүн билдирүүсүн жасады. Ошондой эле Кыргызстан тышкы иштер министрлиги дагы сиздин макул болбой койгонуңузга бүгүнкү күндө нааразы. Буга кандай жооп бересиз?

- Америкалыктар ушул убакка чейин, Акаевдин убагында 14-15 жыл бою каалаган кайсы бир маселелерде, дайыма бизге саясий, укуктук чечим ала турган жерлерде саясий чечим алдыртып көнүп алышкан. Мисалы, “Гансини” жайгаштырганда дагы саясий чечим болуп калган. Ар бир самолет үчүн бизге арендага канча акча төлөөрү такталбай калган. Бүгүн ким алып атат? “Ганси” канча жылдан бери отурат, 42 млн. доллар алды деп атат. Кыргызстандын казнасына 42 миллион эмес, 42 тыйын дагы түшкөн эмес. Ал кээ бир адамдардын чөнтөгүнө түшкөн. Же болбосо Барскоонду алып көрөлү, ошол убакта дагы саясий чечим чыгып калган, укуктук чечим чыккан эмес. Ошондой эле Кытайга кеткен Үзөңгүкуушту карап көрөлү, кой Кытай чоң мамлекет деп саясий чечим алып туруп аны да берип салдык. Эсептей берсек абдан көп. Мына 24-марттан кийин бардык нерсе мыйзамдын чегинде чечилсин деп атабыз. Качкындардын маселеси дагы саясий аренада эмес, мыйзамдын негизинде, качкындар боюнча Конвенциянын негизинде чечилсин деп атабыз. Кечинде Стивен Янг келгенде мен айттым, Конвенциянын чегинде чечели десем, ал айтты юридикалык жактан сеники туура, саясий чечим алып койбойлубу деп. Мен айттым, жок мындан кийин саясий чечим ала калабыз деп Кыргызстанды баса калганынарды койгула. Мыйзамдын чегинде иш кылабыз. Силер чоң, биз кичинекей мамлекет болсок дагы тең ата мамиле кылышалы, Конвенцияга карата иш кылалы. Мага алып келип бергиле, ушул балага мамлекет “качкын” деген статус берди деп документ алып кел, мен ошонун линый делосуна СИЗОго тиркеп коеюн дагы, анан чыгарып берейин. Мындай документти алып келбей туруп эле, бере бербейсиңерби деп үстөмдүк кылып, басым көрсөткөнүңөрдү койгула дедим. Ал менин алдымдан түнкү саат он экилерде макул болуп, юридикалык жактан сеники туура деп кетти. Бирок менин абийриме койдум деп биздин тышкы иштер министринин айтып атканы, мен ойлойм, американын ырын ырдаганды биз токтотушубуз керек. Чындап эле эл аралык сотко берсек дагы Конвенциянын бир пунктун дагы Кыргызстан бузган жок. Конвенциянын пунктарын УВКБ бузуп атат. Андан башка дүйнөлүк Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 14-статьясында да бул так жазылган: “Кылмыш кылган адамдарга качкын деген статус берилбейт”- деп. Бул дүйнөлүк чоң документтерди булар өздөрү бузса, көз жазымда кала берет. Кыргызстан кичинекей мыйзам боюнча иш кылалы десе, дүйнөлүк басым көрсөтүп көнүп алган. Мен кечинде элчиге айттым, үстөмдүк кылбай мыйзамдын, эл аралык укуктун чегинде иш кылалы деп. Болгон сөз ушул болду.

Өзбекстан тараптан бул жерде кандайдыр бир кысым, же өтүнүч болгон жокпу?

- Өзбекстандан бизге алар качып өткөндөн кийин Минск Конвенциясынын негизинде 12 адам мурда түрмөдө отурат эле, ушуларды карап бизге өткөрүп бергиле деген поручениеси келген делолору менен. Калган 284 адамга булар Анжиянда адамдарды, прокурорлорду, салыкчыларды өлтүргөн, автоматтарды көтөрүп көтөрүлү кылган деген документтерди берди. Мен ал Анжиян окуясына катышты деген 284 адамдардын бирөөнө да тийген жокмун. Анын баары кетти. Бирок ошол убака чейин кылмыш кылып, түрмөдө отургандарды миниский конвенсиянын негизинде, качкындардын негизинде дагы мен аларды Өзбекстанга кайтарып беришим керек. закон ошону талап кылат. Өзбекстан эч кандай бизге басым кылган жок. Убакыт өтүп атат, бир айдын ичинде беришиңер керек эле, карап бербесиңерби деп сурагандан башка эч нерсе кылган жок.

- Оштогу СИЗОдо жаткан 15 өзбекстандык жарандардын мындан аркы тагдыры эмне болот?

- Мен айтпадымбы, мурда отурган 12 адамды кайрып беришибиз керек. Башкы прокуратурага чечим чыгарып койгонбуз. Андан башка калган 3 адамга УВКБ отказ берди, алар адам өлтүргөндөр, наркомандар, өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер деп. Конвенциянын талабына ылайык, же болбосо биздин ички закондордун талабына ылайык буларды биз Өзбекстанга беришибиз керек. Өзбекстан өздөрү карап көрүп, адилет сотун өткөрүп, соттойбу, актап алабы ал Өзбекстанда боло турган нерсе. Себеби кылмыштар Өзбекстанда болгон. Жок, ага карабай туруп башка мамлекеттер аларга качкын деген статус берип кое турган болсо, анда менин аргам жок, ошол мамлекетке өткөрүп берем.

- Маегиңиз үчүн ырахмат!
XS
SM
MD
LG