Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

АЗЕРБАЙЖАНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ЖАКЫНДАП КЕЛАТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Быйыл 6-ноябрда Азербайжанда парламенттик шайлоо өтөт, азыр өлкөдө талапкерлерди каттоо жараяны жүрүп жатат. Азери оппозициясы арасында мурдагыдай эле биримдик жок болгону менен, алардын баары шайлоону ачык жана адилет өткөрүүнү талап кылууда бирдиктүүлүк көрсөтүүдө жана андай талап менен эл аралык уюмдар дагы чыгууда.

125 орундуу парламентке талапкерлерди каттоо 7-сентябрда аяктайт, азырынча беш саясий блоктун өкүлдөрү катталды, алар - өкмөтчүл "Ислахат" партиясы, оппозициялык "Азадлык" менен "Йени сиясет" деген эки партиянын блогу, андан тышкары "Демократиялык Азербайжан", "Азербайжан үчүн" жана "Өнүккөн Азербайжан үчүн альянс" деген кыймылдар. Ага кошумча "Коомдук лидерлер", "Азербайжан наамы үчүн альянс", "Жарандык коом куруу", "Улуттук биримдик" жана "Демократиялык реформалар үчүн биримдик" деп аталган оппозициялык партиялар талапкерлерин көрсөткөн, бирок Борбордук шайлоо комиссиясы аларды каттай элек, ал эми "Азербайжандык күчтөр" деген блоктун талапкерлерин Комиссия өтө деле орчундуу эмес себеп менен 24-июлда каттоодон баш тарты.

Ысмын "ЙеС" деп кыскартып атаган "Йени сиясет" блогунун атынан депутаттыкка мурдагы президент Аяз Муталибов дагы көрсөтүлүшү мүмкүн, бирок анын Азербайжанга кайтып келишине өкмөт азырынча уруксат бере элек. Муталибов 13 жылдан бери сүргүндө Маскөөдө жашайт жана мурдагы азери бийлиги аны издөөгө да салган.

Оппозиция ичинде биримдик жок болгонуна аз келгенсип, кээ бир белгилүү саясатчылар депутаттыкка бир шайлоо чөлкөмүнөн көрсөтүлгөн, мисал үчүн Улуттук эгемендүүлүк партиясынын мурдагы төрагасы жана "ЙеСтин" мүчөсү Этибар Мамедов менен анын партиядагы орун басары Назим Иманов Бакы шаарынын Йасамал чөлкөмүндө атаандашат. 2003-жылдагы президенттик шайлоого катышып, утулуп калган "Мусават" партиясынын төрагасы Иса Гамбар дагы парламенттеги орун үчүн ат салышат.

Байкоочулардын айтымында, оппозициялык партияларды "Мусават", "Элдик майдан", "Улуттук эгемендүүлүк" же Демократиялык партия сыяктуу "эски оппозиция" жана "ЙеС" же "Демократиялык реформалар үчүн" деген сыяктуу "жаңы либералдык" деп аталган эки чоң топко бөлсө болот.

Бирок оппозиция ичинде канча карама-каршылык менен атаандаштык болгону менен, алар шайлоону ачык жана адилетүү өткөрүү үчүн бирге күрөшүүдө, бул жагынан алганда болсо маселе көп.

АКШ Конгрессинин Хельсинки комиссиясынын тең төрагасы Кристофер Смит 26-июлда "Азаттыктын" Азери кызматына интервью берип, шайлоо адилет өтөөрүнөн көп күмөн саноо бар экенин билдирди:

- Азербайжандын шайлоо боюнча мыйзамдары Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун эрежелерине төп келбегени тууралуу туруктуу жана терең тынчсыздануу бар, ошондуктан шайлоо ачык жана адилетүү өтөөрү күмөн.

27-июлда болсо Азербайжанга АКШ тышкы иштер министринин орун басары Пола Добрянски келип кетти жана ал азери өкмөтү менен коомчулугун шайлоону адилеттүү өткөрүүгө чакырды:

- Добуш бериле турган күн гана эмес, бүткүл шайлоо жараяны - силердин өлкөнүн демократиялык өнүгүүгө канчалык берилгенин көрсөтөт. Эркин жыйындарды өткөрүү укугунун кармалышын, маалымат каражаттары аркылуу бардык талапкерлердин бирдей укукта чыгуу мүмкүнчүлүгүн, шайлоонун жыйынтыктарын ачык жана так санап чыгууну жергиликтүү дагы, эл аралык да байкоочулар толук көзөмөлгө алууга тийиш.

Дал ушундай талаптар менен өлкө оппозициясы Бакы шаарында акыркы апталарда бир нече ири митинг да өткөрдү.

XS
SM
MD
LG