Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

Нарында ВИЧ инфекциясы менен жабыркаган алгачкы адам каза тапты


НАРЫН. Облустук СПИД борбору кишинин иммундук дефицит вирусун жуктуруп алган облусттагы эң алгачкы адамы катталгандыгын 29-июлда “Азаттык” радиосуна билдирди. Ишенимдүү маалыматтарга таянсак, мындай дартка чалдыккан бул адам облустун Нарын районунда туулуп өскөн. Бирок эки жыл мурун Жалалабатка кетип, ал тарапта жашап, иштеп турган. Паспорттогу каттоосу аталган райондун бир айылында экендиги гана ырасталган. Кургак учук ооруусу менен ооруп Жалалабат шаарында дарыланган жана Бишкек шаарына которулган. Бирок Бишкектен Нарын шаарына келе берип, Нарын шаарындагы кургак учук диспансеринен дарылануусун уланткан. Ушул ооруканада дарылануу маалында анын ВИЧ-СПИД дартына чалдыккандыгы айгинеленген. Облустун тарыхында биринчи жолу ВИЧ инфекциясын жуктурган 40 жаштагы бул адам ооруканадан каза тапкан.

XS
SM
MD
LG