Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:18

Ысыккөлдө Казакстандык эс алуучулардын саны кескин кыскарган


29-июлда вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров Казакстандын Алматы шаарына иш сапары менен кетти. Ал Алматынын мэри Имангали Тасмагамбетов менен жолугушуп, туризм багытында эки тараптуу кызматташуу маселелесин талкуулайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал эми “Kazakhstan today” агенттиги тараткан маалыматка караганда, Мадумаров Алматыда маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстандагы коомдук саясий абал тууралуу жана Ысыккөл аймагындагы туристтерди кабыл алууга карата бардык шарттарды жакшыртууга жаңы өкмөт тарбынан иш чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирген. Анын айтымында, жылыга Казакстандан 750 миңден ашуун эс алуучулар Ысыккөлгө келип 50 млн. сом киреше түшүп турса, быйыл эс алуучулардын келиши кескин кыскарып, болгону 250 миңге жеткен. Мадумаров ошондой эле кыргыз-казак чек ара маселесине токтолуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча документтер октябрь айына чейин ратификацияланаарын билдирген. Мындан сырткары Кыргазстанга Кытайдын аскер базасы жайгаштарылбастыгын айтып, өлкө аскерий-саясий полигонго айланбайт деп белгилеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG