Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:58

А. Акаевдин адвокаты “Жаңы кылым” гезитин сотко берди


БИШКЕК. 29-июлда экс-президент Аскар Акаевдин ыйгарым өкүлү жана адвокаты Акин Токталиев Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотуна “Жаңы кылым” гезитинин үстүнөн доо арыз жолдоду. Ага , үстүбүздөгү жылы 22-июлда гезиттин биринчи бетине Майрам Акаева өңү таанылбаган эркек менен тартылган коллажы жана гезиттин баш редактору Жыпара Жээналиеванын “Сүйүүгө айла жокбу же АААны “отомстит” кылып жатабы?” деген макаласы себеп болгон. Аталган макала экс-президенттин намысына, кадыр-баркына доо кетирген делинип, соттон “Жаңы кылым” гезитинин редакциясынан 10 млн. сом, Жыпара Жээналиевадан 110 сом, Кустарбек Атамырзаевден 1 млн. сом айып пул өндүрүп берүү талабы коюлган. Бул тууралуу президенттин ыйгарым өкүлү Акин Токталиев 29-июлда “Аазттыкка” билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG