Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:07

Воробьев, Пак, Жайсаңбаевдерге мунапыс берилген жок


БИШКЕК. Эдуард Пак, Шалкар Жайсаңбаев, Борис Вробьевго, Рысбек Акматбаевге эч кандай мунапыс берилген жок. Тескерисинче тергөө иштери эми башталды. Алардын канчалык деңгээлде күнөөсү бар, жок экендигин тергөө көрсөтөт. Андан соң сот өз баасын берет. Бул тууралуу 29-июлда Башкы прокурор Азимбек Бекназаров “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Анын айтымында, мурда кылмыш иши козголуп, өлкө аймагынан башка жактарда жашынып жүргөн атуулдар Башкы прокурордун 15-июндагы “издөөдө жүргөн адамдар өз ыктыяры менен тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн келсе, аларга карата жаза чаралары жеңилдетилет” деген кепилдигинен кийин өз ыктыярлыгы менен келишкен. Алар жаңы өкмөттөн тергөөнүн ачык, акыйкат, туура жүргүзүүсүнө, өздөрүнүн укугу корголооруна ишенишкен. Бекназаров экс-премьер-министр Николай Танаевдин адвокаты менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын, жакын арада Танаев Кыргызстанга келип көрсөтмө бере тургандыгын билдирди. Ал эми Урмат Барктабасов саясатташтырбай, так, анык, мыйзамдуу туура көрсөтмөлөрдү берем десе келсин, деп Баш прокурор менен сүйлөшүүгө келген Барктабасовдун апасына жана анын адвокатына жооп жолдогон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG