Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Экс-спикердин баласы депутаттыкка кайрадан ат салышат


БИШКЕК. 18-сентябрда өтөрү күтүлүп жаткан №1-Университет шайлоо округундагы кайра шайлоого талапкер болууну каалаган жарандардан арыздар түшө элек. Бул тууралуу жума күнү Борборшайлоокомдон билдиришти. Бирок «Азаттык» радиосуна билдиргендерине караганда, өздөрүн талапкердигин кайра коюуга мурдагы талапкерлер Болот Марипов, Кунай Шеримкулов даярданып жатышат. Парламенттик шайлоо 27-февралда жана 13-мартта эки тур менен өтүп, анда Бермет Акаева депутат деп таанылган. Кийинчерээк үгүт иштеринде мыйзамсыз аракеттерди жасады деген негиздеме менен Бермет Акаеванын мандатын БШК жокко чыгарган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG