Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Франция «Ганси» авиабазасына кошумча күч алып келет


БИШКЕК. Франция өкмөтү Ооганстанда боло турган парламенттик шайлоо жараяндарына колдоо көрсөтүү максатында эл аралык «Манас» аэропортунда жайгашкан Ганси авиабазасына 50 кызматкерди жана С 135-FR үлгүсүндөгү май куюучу эки учакты жайгаштырат. Бул тууралуу Франция элчилигинде өткөн брифингде элчинин биринчи кеңешчиси Эрик Мийе, отряд командири, подполковник Буйссон, Франциянын аскер атташеси, полковник Кутлейн билдиришти. Анын айтымында, бул кошумча күч Кыргызстанга 2001-жылы декабрда антитеррордук коалициянын алкагында кабыл алынган эки тараптуу макулдашуунун чегинде үч айлык мөөнөткө келгени жатат.

ШКУнун Астана жолугушуусунун чечимине ылайык, антитеррордук коалициянын Бишкектеги базасын аныктоо маселеси көтөрүлгөн. Бирок АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелддин Кыргызстанга жасаган 26-июлдагы иш сапарынын учурунда тараптар авиабаза Ооганстанда кырдаал тынчыганга чейин кала берерин билдирген. Буга байланыштуу 29-июлда билдирген пикиринде президенттин маалымат кызматынын башчысы Досалы Эсеналиев Кыргызстан өнөктөштөрү менен саясий оюн жүргүзбөйт деп белгиледи. Анын айтымында, айрым маалымат каражаттары Бишкектин Москва менен Вашингтонду аймакта каршылаштыруу аракети бар деп жазган.

XS
SM
MD
LG