Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:55

КУМТӨРГӨ КЕТЧҮ ЖОЛДУ ТОСУУ УЛАНУУДА


Рита Нурмамбет кызы, Каракол Цианид төгүлгөн суудан жабыркаган Барскоон, Тамга, Тосор жана Чоң, Кичижаргылчактын эли үч күндөн бери Кумтөр жолун бөгөп, компенсация төлөмөйүнчө акцияны уланта берээрин билдиришүүдө.

Барскоон капчыгайы аркылуу Кумтөр кенине кетчү жол менен айылга кирчү жолдун айрылышын отузга жакын автоунаа, атчан, жөө келген үч жүзгө жакын айыл тургундары тосуп турушат. Барскоон, Тосор,Тамга, Чоң жана кичи Жаргылчак айылдарынын жүзгө жакын эли болсо түнкүсүн күзөтүп жатыптыр.

Цианидден жабыркаган элге компенсация төлөтүү талабы менен чыккан акциянын демилгечиси Бактыгүл Иманкожоева бүгүн түшкө чейин депутат Эркин Алымбеков менен райондун акими гана келип кеткендигин айтып, кумтөрлүктөр убада боюнча келбей когондугун мындайча билдирди:

- Биз, эл нааразы болуп атабыз, анкени биздин депутатыбыз Малиев да келиши керек эле. Мына үч күн болду аларды күтүп атабыз. Кумтөр компаниясынын президенти келмек, бирок ал бизге келбей эле, азыр Бишкеке кетиптир. Убактылуу иштеп аткан Феликс Кулов дагы келип эл менен баарлашсын деп талап кылып атабыз.

Жол тоскондор 1998-жылдын 20-мартында төгүлгөн цианидден ак кандуулук менен ооругандар көптүгүн, айрымдар дарттын дабасы табылбаган боюнча көз жумгандыгын билдиришти:

- Менин атым Алмагүл, Тосор айылынын жашоочусу. Жолдошум 2004-жылы март айында 20 күн ооруду, ошондо Бишкекке алып барсак догдурлар деле эмнеден ооруганын таба албай каза болуп калды.

Дагы бир даары жашылча, эгиндин түшүмүн ала албай калгандыгына да токтолушту:

- Сууга цианидди жоготобуз деп хлор төгүшүптүр. Ошол хлор, цианид болуп анан арыктарыбыздын баары тазаланбай, огороддогу түшүмдөрдү да сугарган жокпуз.

- Бүгүн Малиев келиш керек эле, ал да жок. Биз ал үчүн Тоңго барып эки жаат болуп күрөшкөн күндөрүбүз да болгон, - деди Сүйүмкан Жакыпбекова.

Бул кишиге катарлаш көзү ооруп олтурган Күлийпа Турдубаева мындай дейт:

- Силаев менен Акаев келген. Алар беш айылды багып алабыз, алтын берип дешкен. Алтынды көргөн да жерибиз жок.

Цианид Арабел, Элүүнсай деген мөңгү сууга чөгүп, ал көлгө куйган. Биз ошол жерден “Карек” өкмөттүк эмес уюмдун мүчөсү Бактыгүл Иманкожоева менен сүйлөшкөнүбүздө ошол күнү эл сууну ичкенде кырылып калмак эле дейт:

- Бизди бир гана нерсе сактап калган. Ошол кезде арыкты тазалашып, суу ылай болуп калгандыгына байланыштуу көп кишилер пайдаланбай калган. Арыктардан огороддорду сугарган адамдар гана ууланышкан.

Бактыгүл Иманкожоева компенсацияга бөлүнгөн 93 млн. сом белгисиз калганын да кошумчалады.

Ал эми “Карек” өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева бул акция болоору 18-июлда эле ырасмий эскертилгендигин, ошондой эле облустан да коркутуулар болгонуна карабастан акцияга чыккандыгын мындайча билдирди:

- Силер эгерде жол торой турган болсоңор биз күч колдонобуз деп аябай коркутуп кетишти. Биз айттык, атсаңар аткыла аны дагы көрөрбүз деп.

Барскоон окуясындагы чуулгандуу иштерге курамы өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардан түзүлүп жаткан мамлекеттик комиссияга барскоондуктардан дагы 7 адамды киргизүү сунушун акция катышуучулары 29-июлда ырасмий түрдө жолдошту.

XS
SM
MD
LG