Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Чолпон Орозобекова, Бишкек 29-июлда Румынияга жөнөтүлгөн мекендештеринен бөлүнүп, Ош тергөө абагында калган 15 качкындын тагдыры талаш бойдон калууда. Атуулдук коом өкүлдөрү жана укук коргоочулар кыргыз бийлиги Кыргызстанда калган 15 качкынды да үчүнчү өлкөгө жөнөтүшү керек десе, Башкы прокуратура аларды качкын эмес, кылмышкер катары карап жатат.

Өзбекстан бийлиги кылмыш жасады деп эсептеген 29 качкын Ош тергөө абагында кармалып турган. Бирок алардын 14ү үчүнчү өлкөгө башка мекендештери менен чогуу учуп кетишти. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров Кыргызстан алып калган 15 адамдын кылмыш жасагандыгы далилденди деп билдирип жатат. Анын айтымында, тергөө материалдарынын арасында прокурорду кантип мууздагандыгы жазылган видеотасмадан бери бар. Башкы прокурор бул адамдар качкын эмес, кылмышкер болгондон кийин түрмөдө отуруш керек деген оюн айтып жатат.

Качкындар Румынияга учуп кеткенден кийин Кыргызстанда калган15 адамдын тагдыры боюнча талаш күч алды . Атуулдук коом өкүлдөрү 29-июлда Башкы прокурорго кирип, алардын кылмыш кылгандыгы жөнүндө Өзбекстандан келген материалдар менен тааныштырууну өтүнүштү.

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмдун лидери Төлөйкан Исмаилова дүйшөмбүдөн баштап материалдар менен тааныша баштайбыз дейт:
- Укук коргоочулар жана журналисттер бул качкындардын иши боюнча материалдар менен толук таанышып чыгышы керек. Өзбекстан органдары кандай күнөөнү жана кантип коюп жаткандыгы толук иликтенгенден кийин анан эл аралык нормага ылайык чечишибиз керек.

Анын пикиринде, 439 адамды үчүнчү өлкөгө жөнөтүү менен Кыргызстан демократиялуулугун, эл аралык нормаларды карманаарын көрсөттү. Бирок 15 адамды, анын ичинде башпаанек издөө макамын алган 11 адамды Кыргызстан кармап турганы эл аралык чөйрөдө аброй алып келбейт.

Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин жетекчиси Рамазан Дырылдаев бул 15 качкындын иши боюнча материалдар тыкыр иликтенип чыгышы керек деп санайт. Анын пикиринде, ушундай кылмыш жасады деп шектелип аткан калыбында кайсы бир үчүнчү өлкө кабыл алууга макул болсо, ошол өлкөдө тергөө иштери улантылган оң. Рамазан Дырылдаев Кыргызстан Өзбекстанга алгач өткөрүп жиберген 4 качкындын тагдырын билүү боюнча да аракеттер башталып аткандыгын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция департаментинин башчысы Зафар Хакимов Ош шаарындагы тергөө абагында калган 15 өзбек атуулунун мындан аркы тагдыры кылдат иликтөөлөрдөн кийин гана белгилүү боло тургандыгын билдирген. Анын айтымында, Башкы прокуратура бул адамдар боюнча Өзбекстандан кошумча материалдарды сураган. Алар келгенден кийин алты ай ичинде, эгерде дагы кошумча материалдар керек болсо бир жыл ичинде 15 адамдын тагдыры чечилиши мүмкүн.

«Адилет» бейөкмөт уюму өзбекстандык бозгундардын арасынан кылмыш жасагандары боюнча колдо бир да далил жоктугун белгилейт. Аталган уюмдун лидери Чолпон Жакупова Качкындар боюнча конвенцияга ылайык оор кылмыш жасаган адам качкын статусун ала албайт, бирок кылмыш жасагандыгын сот аныкташы керек дейт:

- Эл аралык укукта, анын ичинде Качкын макамы жөнүндөгү конвенцияда ушундай жагдайлар бар. Эгер качкын макамын сурап такан адам экинчи өлкөгө келгичекти өтө олуттуу чоң кылмыш жасаган болсо ага качкын макамы берилбейт. Бирок анүчүн ал геноцид, адамзатка каршы бир чоң оор кылмыштарды жасаган болуш керек. Азыркы кырдаалда 15 адамдын кылмыш жасагандыгы боюнча колубузда далилдер жок. Биз адвокат катары Башкы прокуратурадагы Өзбекстан берген материалдар менен тааныша албай атабыз. Азыркы маселе ушунда болуп атат, бизге бул материалдарга жол жабык болуп атат.

Айрым байкоочулар бул маселеде кыргыз бийлиги эл аралык коомчулукту да, Өзбекстанды да таарынтпаганга аракет кылды деп жатышат. Румынияга жөнөтүлгөн 439 качкын 6 айга чейин ушул өлкөдө болуп андан кийин бир канча мамлекетке бөлүштүрүлүшү ыктымал деген божомолдор бар. Бирок азырынча алардын мындан аркы тагдыры белгисиз.

«Манас» аба майданынан 440 качкын учаарында арасынан бир киши төрт баласын, туугандарын таштап кете албасын айтып, үчүнчү өлкөгө кетүүдөн баш тартты.
XS
SM
MD
LG