Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Өзбек тарап Баткен облусу менен чектешкен аймактарында чек ара көзөмөлүн күчөттү


БАТКЕН. 30-июль күнү облустук ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, Өзбекстан Кыргызстандын Баткен облусу менен чектешкен жерлердеги баардык чегара бекеттерде күзөттү күчөттү. Бул иш чаралар 26-июль күнү Борбалык чегара бекетинде өзбек атуулу тарабынан мыйзамсыз чегара тилкесин басып өтүү аракетине байланыштуу жасалды. Анда бир өзбек атуулу өзүнүн жеңил машинеси менен, Өзбекстандан Кыргызстанга кара металлды алып өтүү аракетин жасаган. Өзбек чегарачылары эскертүү ок чыгарганына да токтобогон мыйзам бузуучуну машинесинин дөңгөлөгүнө аткылап токтотушкан. Ошол эле күнү Кыргызстандын Кадамжай районуна чектеш өзбек айылдарынын тургундары өзбек чегарчыларга нааразылыктарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG