Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Кытай аскердик базасы Кыргызстанда ачылбайт


БИШКЕК. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаровдун билдирүүсүнө караганда, Кытай аскерий базасын Кыргызстанда ачуу маселеси жогорку деңгээлде көтөрүлгөн. Бирок кыргыз жетекчилиги өлкөнү аскерий полигонго айлантууга каршы чыгып, эгемендүүлүктү коргоого өзүбүздүн кудуретибиз жетет деп, Кытай базасын ачууга каршы чыккан. Бул тууралуу казак маалымат каражаттарына шилтеме жасап «Кабар» маалымат агенттиги 30-июлда жазды. Адахан Мадумаров 29-июлда Алматы шаарына иш сапар менен барып, шаар мэри Имангали Тасмагамбетов менен жолугушкан. Анда Ысыккөлдө эс алуу жана экономикалык кызматташуу маселелери талкууланган.

XS
SM
MD
LG