Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

«Кыргызстан» кыймылы барскоондуктарды колдойт


БИШКЕК. «Кыргызстан» коомдук-саясий кыймылы Кумтөр кенине карай бараткан жолду тосуп турган барскоондуктардын талабын колдойт. Бул тууралуу кыймылдын аткаруу комитетинин төрагасы Алишер Абдымомунов 30-июлда билдирди. 27-июлдан бери жол тосуп турган Барскоон айлынын 300дөй тургуну «Центерра голд инк» компаниясынын түзүлүшүн иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүүнү, 1998-жылы төгүлгөн цианиддин зыянын иликтөө боюнча көз карандысыз экологдорду чакыруу, жабыркаган адамдарга эл аралык деңгээлде компенсация төлөп берүү, айылга диагностикалык борбор куруу талаптарын коюуда. Алишер Абдымомуновдун пикиринде, «Центерра голд инктин» түзүлүшү эле эмес, 1990-жылдардын башында Кумтөр кени боюнча түзүлгөн түпкү келишимди да иликтөө зарыл. «Кыргызстан» коомдук- саясий кыймылы 23-июлда Кыргызстан элдик кыймылынын базасында түзүлгөн. Анын координациялык кеңешинде президент Курманбек Бакиев баш болгон жетекчилер бар.

XS
SM
MD
LG